Таза ойлор Так сөздөр - страница 19

Шрифт
Интервал


“Каалаган максатыма жетсем ал мага эмнени берет?”

“Максатыма жетпей калсам анда эмне болот?”

“Өзүмдү кандай сезем!”

“Каалаган максатыма жетүү үчүн мен эмне жумуш аткардым?»

“Эмнелерди жасадым?”

Ошентип, ар кандай суроолор менен кайра-кайра суроо берип, оюмду тактап алам, мага “эмне керек?” экендигин изилдейм.

Жоопту ой менен алам. Кыялыма келет. Аны түшүнбөсөм Алла Таала же “тартылуу күчү” айлана чөйрөмдөгү адамдар аркылуу мага жардам берет, башкача айтканда менин ички сезимимдеги нерсени айлана чөйрөмдөгүлөр сүйлөп, түшүндүрүп айтат. Себеби, бирөөлөргө айтылган сөз өзүмдүн өзүмө айткан сөзүм.. Кээде телевизордон же транспорттон керектүү сөздү кулагыма “шак” деп угулган үндөн улам түшүнүп калам.

Демек, мен өзүмдү өзүм укпай жаткан экенмин да. Адамдардын “сөзүнө көңүл бөлүп”, “жүрөгүмдү уга билүүм керек экен”, деп сөзгө маани бере баштайм!

Ошентип, мага эмне керек экенин ачык даана, так билем!

Дагы түшүндүрөйүн : ар бир адам өзү үчүн өзү чечим кабыл ала албаса, ал адам үчүн айлана чөйрөдөгү, ата-эне, аялы же күйөөсү, уул– кызы же бирге иштегендери ж.б.у.с. “сенин ордуңа чечим кабыл алат” да, сен ал адамдын “башкаруусунда” каласың.

Эми, түшүндүм: “Мына ушул секундадан баштап өз турмушума байланыштуу нерселер үчүн өзүмө тиешелүү нерселерге өзүм кана чечимди кабыл алам!” Айлана чөйрөдөгүлөрдүн айткандарын угам, бирок керегин кана пайдаланам.


ЧЕЧИМИМДИ ИШЕНИМДҮҮЛҮК МЕНЕН БЕКИТЕМИН! Себеби , “менин жашоом – кандай ойлонсом дал ошондой болооруна” ишендим!

Бул “жашоонун эрежеси, закон ченемдүүлүгү” экендигин түшүнөм.

Бул айтылган сөздөрдүн канчалык деңгээлде акыйкат экендигин ар бир адам өз тагдырынан өзү анализдеп көрө алат.

Ал үчүн “өзүңө өзүң суроо берип, оюң менен сүйлөшүп, сезимиңе” көңүл бөлсөң, ачык, даана, так түшүнө баштайсың.


Суроо: Эмнеге “бул сөздү ишенимдүүлүк менен бекитишим керек?”

Себеби, бул ишеним, сезим “жан дүйнөңө сиңип, өзүңдү өзүң чечкиндүү сезиш үчүн. “Ишеним менен бекитемин!” деген сөздү көп – көп кайталоо ден соолуктун оңолушуна жардам берет. Денени иштетүү үчүн мээге ушул программа кирет, омуртка аркылуу денеге тиешелүү нурлардын агымы өтүп чыңдалып, бекемделет. Адам кайраттуу болот, белиңе күч кубат кирет.

Кимге сапаттуу жашоо керек?

Чың ден соолук керек?

Бактылуу жетишкен турмуш керек?

Анда эмесе келген ойдун сапатына көңүл бөлгүлө: каала кабыл ал, “жакпаганын кол булгалап бузуп сал”, же “терс” ойдон баш тартып, жакшы, “оң” жагына буруп ойло.