“Кол булгалап бузуп сал” дегенди кандайча түшүнсө болот?
Мисалы: Адам “жүрөгү ооруп, кыйналып чыгат”. Себеби, аны “коркунучтун сезими” башкарат. Ошол ой канчалык көп келген сайын оруу күчөйт, алсырап, денеси шалдырайт, жамбаштап жатып уктагысы келет же “өлүп калат окшойм” деп “коркуп” ойго чөмүлүп, ар түрдүү дары дармек ичесиң.
Өзүңдү кандай сезип жатасың? Эмнелерди ойлоп жатасың? Көңүл бөл! Байкаарың менен ал ойду токтот. Өзүңдөн өзүң сура?
Орулуу акыбал керекби? Же ден соолукта болуп, каалаган жагыңа барып, айылдап келген жагабы?
Эки акыбалды тең байкаш керек, ойду өзгөртүп көрүп, денең менен сезип көр.
[А] Биз баардык жерде биргебиз! Биримдиктебиз!
Сезим менен кантип иштесе болот?
Мындан ары дайыма сезим менен иштейбиз, себеби эмнени көп ойлосоң ошону кана сезесиң.
Төшөктө жаткан адам чыйралып басышы үчүн төмөнкү ойду мисалга алып, кыял менен иштеп көрсөң болот. Эгерде эрки күчтүү, жеңил ооруу менен ооруган адам болсо, жасап көрсө да болот. Ооруп жаткан жериңден өйдө тур. Өзүңчө, ойлонуп, үн чыгарып сөз менен айт: “Болду жетишет! Мен оорудан баш тарттым! Көңүлүм мени кубандыра турган нерселерге бурулду”. Мындан ары ден соолукта болууну чечтим!”, “ Менин ден соолугум чың!”, “Өзүмө өзүм ден соолукта болууга уруксаат бердим!” ”Мен ден соолуктун толкунундамын!” “Мен ден соолукта жашап жатам!”.
Эгерде өз күчүнө ишенген болсоң, күнүмдүк жасаган нерсеңди өзгөрт. Эшикке чык. Таза абадан дем ал. Эртең мененки күндүн нуру адамдарга жашоонун нурун берет. Өзүңдү ал жерден башка жакка жылдыр. Мисалы: “ Мен азыр уулумдукуна барып кабар алып келейин, барып келгенге күчүм жетет!” – деп ордуңдан туруп кетсең, заматта акыбал өзгөрөт. Эми “ооруу деген ойдун толкунунан, айылга баруу” деген толкунга уландың. Себеби, “көңүлүң” башка ойго бурулду. Жуунуп таранып, чыйралып, басып кеттиң. Оорууну унутуп, айылга баруу жөнүндө ойлой баштадың. Денеңде заматта ооруу жоголду. Анын ордуна башка ойлор келе баштады. Ал эми “көңүл буруу” – бул башкаруунун пульту же башка каналга буруу болуп эсептелет.
Жаңы ойлор келе баштады, ооруганды унутуп:
Оо, баардыгы үйүндө экен? Меймандары да барбы?
Неберем алдыма чуркап келсе мына бул, шириндикти же оюнчукту берейин.
Келиним кантип күлүп тосуп алды? Балам бактылуу жашап жатыптыр, өңү сонун го. Мага жакты – деп кыялданып, сүйүнүчтүү ойлорду ойлонуп элестетип бар.