Таза ойлор Так сөздөр - страница 26

Шрифт
Интервал



10

Алым, күчүм жок

Мен күчтүүмүн. Кудайдын күчү ичимде


11

Жашоо кызыксыз

Ар бир көз ирмемде жашоодон ырахат алып жашап жатам. Бул жашоого укмуштарды жаратуу үчүн келгенмин.


12

Аялдар алдайт

Аял заты жаратуучу, дүйнөгө сүйүү нурун таркатуучу. Мен аялдарга ишенем, себеби, ал менин ден соолугум


13

Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт

Эркектер эң күчтүү коргоочу, жашоого кам көрүүчү. Айтканын өз убагында аткарат. Эркекке ишенүү, өзүмө өзүм ишенүүм.


14

Сүйүү жок

Сүйүү– бул көзгө көрүнбөгөн нур, ал нур ар бир адамдын өзүндө, ички дүйнөсүндө, денесинде. Сүйүү дайыма мени менен бирге! Сүйүктүүмүн,сүйкүмдүүмүн! Тирүүлүктүн өзү сүйүү! Жүрөгүмдөн, көкүрөгүмдөн сүйүү, жарык нуру дайыма чачырап турат!


15

Үй-бүлөм жок

Ар бир адам денеси эң чоң үй, үй – бүлө, төрөлгөндөн түгөйлүү болуп жаралган. Мен өзүмө үй– бүлөлүү болууга уруксаат бердим! Сүйгөн жарымдын мага жолугуусуна уруксаат бердим.


16

Бай болгондон корком

Туулгандан байлык менен бирге төрөлгөм. Байлык менин ичимде! Менин ички жана сырткы дүйнөм бай! Өзүмө бай болууга уруксаат бердим!Себеби ал энергиядан турат, менин руханий жана материалдык дүйнөмдүн энергиясы.Ал энергия ар бир адамда бар.


17

Кембагалдык бешенемде жазылган

Мындан ары кембагалдык жашоону токтоттум! Себеби, адамды кембагал кылган “ишеним” экендигин түшүндүм. Кембагал болуунун программасын өчүрдүм. Ар кандай бай болбоо үчүн жасаган аракеттеримди, тоскоолдуктарымды көрүп жатам. Мен өзүмө өзүм бай болуп жашоого уруксаат бердим. Ашыкча “көз артуумду” нормага келтирдим. Байлыкка кубанам,сүйүнөм. Мындан ары айкөл болууну чечтим! Байлыктын ачкычы ички дүйнөмдө. Ал ачылды! Мен кантип алганды жана бергенди билемин!


18

Мен бактысызмын

Мен бактылуумун. Төрөлгөндөн бактылуу болуп төрөлгөм! Өзүмө өзүм бактылуу болуп жашоого уруксаат бердим! Мен бакыттын ээсимин!


19

Кудай мени жазалайт

Эч ким эч кимди жазалабайт, ар бир адам өзүн өзү жазалайт, себеби, адамдык “намыс” ошентип иштейт. Мына ушул секундадан баштап менин “ намысым” мени сактайт жана коргойт, себеби ойлогон оюмду жана сөзүмдү өз учурунда так айта аламын.


20

Эл айтат, элден уялам, эл эмне дейт?

Эл ар бир адамдан куралат. Ар кимдин жашоого болгон көз карашы ар түрдүү. Мен ар бир адамдын укугун баалайм жана колдойм. Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар. Мен өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алдым. Ошондуктан адамдардын сөзү менин тынччылыгымды бузууга акысы жок. Мен өзүм менен өзүм гармониядамын! Каалаганымды жасоого толук укугум бар. Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис!