Таза ойлор Так сөздөр - страница 28

Шрифт
Интервал


Сырдын ичте сакталышы боордун ооруусуна, кандын коюуланышына алып келет, ошондуктан сенден уккан нерсени баары бир бирөө менен бөлүшөт, себеби сыр – бул нур, энергия толкуну экендигин түшүндүң. Ал эми энергиянын бир жерде кыймылсыз туруп калышы клеткалардын тез өлүшүнө шарт түзөт, жыйынтыгы ооруунун очогу пайда болот. Ошон үчүн сырдашкан адамга эч кимге айтпа деп аны кыйноонун кажети жок. Анын да ден соолугун ойлоо зарыл.Себеби, сен ал кыжаалатчылыгыңды бирөөгө өткөрүп койдуң, эми ал сырды уккан адам кыйнала баштайт.Аял кишиге айткандан корккондор эркекктерге айтат. Ал эми, эркек киши аны сөзүз эркек адам менен бөлүшөт, жыйынтыгы кайра эле аялдарга айтылып, алар аркылуу көркөмдөп көбөйтүлөт. Ошентип ушактын учугун улоо башталат. Демек, ушактын башчысы өзүң экендигиңди мойнуңа ал. Себеби, аны сен өзүң айтпасаң башкалар билмек эмес. Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт деген макал бекеринен эмес. Ошон үчүн “ичиңдеги сыр” менен кантип иштегенди өздөштүрүү зарыл.

Эмнени көп ойлоносуң, сүйлөйсүң?

Кайсыл ой сага кандайча таасир берет? Байка?!

Жокчулуктубу? Барчылыктыбы? Өзүмдү кандайча сезем?

Жетишпестиктиби? Байлыктыбы? Өзүмдү кандайча сезем?

Пайданыбы? Карыздыбы? Өзүмдү кандайча сезем?

Согуштубу? Тынччылыктыбы? Өзүмдү кандайча сезем?

Өч алуунубу? Ынтымакта жашоонубу? Өзүмдү кандайча сезем?

Ооруунубу? Ден соолуктубу? Өзүмдү кандайча сезем?

Күрөшүүнүбү? Атаандашуунубу?

Бүгүнкү күндө кандай жашап жатам?

Сезимиме дайыма байкоо жүргүзөм.

Ойлогон оюм менен жашаган турмушум айкалышабы?

Же оюм алдыга кетип, жашоом арттабы?

Келечекти көп ойлономунбу? Өткөн жашоону көп ойлономунбу?

Учур чакты, азыркы, бүгүнкү жашоодо жашай аламынбы же жашап жатамынбы? ж.б.у.с. көптөгөн суроолор. Жоопту ар ким өзү алат.

Ар бир ойлогон ойдун сапаты – бүгүнкү жашоонун мөмөсү.

Учур чакта жашоо деген эмне? Өткөн жашоого кандайча түшүнөсүң? Келечек жашоого кандайча түшүнөсүң?

Ар бир адам жер бетине жашоого келгенден кийин өзүнүн максатын, тилегин, оюн, сөзүн , ачык, так, даана айтып аны өз убагында аткара билүүсү керек.

Адам баласы ар бир секунда сайын өзүн бактылуу сезип, жашоодон ырахат алып жашоо үчүн эмне керек?

Мен эмнени каалаймын ? – деген суроого ачык, даана, так жооп берүүнү үйрөнүү. Ден соолукта, сапаттуу жашоо үчүн албетте, ойдун тазалыгы, жан дүйнөнүн тынчтыгы керек.