Жашоодон “сага эмне керек?” – экендигин сөзсүз бил. Башкача айтканда заказыңды Алла Талаага кантип айтууну билген жакшы.
– “Мен ар бир секунда сайын өзүмдүн ден соолугумдун чың болушун ниет кылам».
– “ Денем чыйрак, деним сак, ыкчам кыймылдап, акыл– эсим, жүрөгүм биргеликте ой жүгүртүп, каалаган нерсемди жасоону ниет кылам”.
– “Оюм менен жүрөгүм биргеликте ойлонот”, каалаган ниетиме, тилегиме жетүү үчүн:
– учур чакта каалоом бирөө, максатым бирөө кана болуш керек.
М: “Мен ден соолукта болууну ниет кылам, каалайм” же
“Мага чын ден соолук керек?” же
“Азыр ушул секундадан баштап мен өзүмдү чың ден соолукта сезип жатам!”
Үч варианттын бирин кана алып иштейбиз. Себеби, азыр, ушул учур чакта бир кана заказ Ааламга жөнөтүлөт. Каалашыңча ар бирин өзүнчө айтып көрсөң болот.
[А] Мен өзүмө өзүм ден соолукта болууга уруксаат бедим! Мен ден соолуктун толкунудамын!
Анда эмесе, биринчиден: “Мен азыр, ушул секундадан баштап өзүмдү чың ден соолукта сезип жатам!”
”Азыр, мен ден соолуктун толкунуна уландым!”
– дем алып, дем чыгарам 5– 7 жолу
– оюм менен ойлоном, ушул ойду
– үнүмдү чыгарып айтам же шыбырап сүйлөнөм
– кагазга жазып окуйм, ушул сүйлөмдү
– көз алдыма кыялым менен өзүмдү ден соолукта экендигимди элестетем, сезимим менен денемди ден соолукта сезем
– анан унутам дагы ошол максатыма жетүү үчүн керектүү нерселерди жасайм ( б.а. тезирээк ишке ашуу үчүн каалоо ниетти кое берүү керек,)
– денедеги орууну ыраазы болуп, коюп жиберип, бош калган орунга “Азыр ден соолук менен биргемин!” – деген ойду, сезимди киргизем.
Организмдин гармонияда, бир калыпта иштеши үчүн төмөнкү сөздөрдүн “кодун” айтабыз:
“Мага ден соолук!”– Ден соолукка “кошулгун!” – “Өзгөргүн!” – “Жеткир!” – “ Жөнөкөйлөт!” – “Биргебиз!” – “Чыныгы!”– “Жашар – Жаңылан!” – “Ден соолукта бол!” – “Сүйөмүн!” – “Мээр төгөм!” – “Нурду бир калыпта кабыл алам – чачыратам!”– “Мен тең салмактуулуктамын!” –“Кечир!” “Кечиремин!” “Ыракмат!” – “Ыраазымын!”
Же болбосо
Бул сөздөр дененин “өзүн – өзү” калыптандыруусуна жардам берет. Ар бир адам денеси өзү түзгөн программа менен иштейт.
Экинчиден: Сууга айтып,
– менин ден соолугум чың,
– мен бактылуумун! – деп ичип,
– мен ар дайым ден соолуктамын! – деп денең менен сезген жакшы.
Бул сөздөр дене үчүн өтө маанилүү. Баардык жерде негизги орунду “СЕЗИМ””СҮЙҮҮ” нуру ээлейт!