Таза ойлор Так сөздөр - страница 3

Шрифт
Интервал


Кайталоо окуунун энеси!

Кайталоо менен кана терең түшүнүп, “жан дүйнөгө” сиңирип алса болот. Эске тутуу жакшырат, мээдеги нейрондор чыңалат, жаңы нейрондордун өсүүсүнө көмөк көрсөтөт. Керектүүсүн жазып алып окуган пайдалуу, жазганда дене жаңы энергия менен тез аралашып байланышат жана ойдун тазалануусуна жакшы жардамчы болот. Ал эми үн чыгарып айтуу менен учур чактагы сүйлөгөн сөзүдүн маанисине карап жашоо толкунуң өзгөрөт. Кайсыл сезим менен иштедиң, кайсыл сезимиң менен иштешиң керектиги өзүңө даана көрүнүп турат. Бул китепте “кайталоо” өтө көп кездешет, бирок мааниси ар кандай мүнөзгө шартка жараша өзгөрүп түшүндүрүлөт.Себеби, жашоодогу өнүгүү жол бирдей, бирок ар ким өзүнүн турмуштук жолунда ар түрдүү этапта жашайт.. Ал жол ар түрдүү. “Мен”, “Сен”, “Ал”, “Биз”, “Дүйнө”, “Аалам”, “Кудай-Нур” деген сөздөр ар бир адамдын өзү менен өзү сүйлөшүп, өзүнүн өзү менен болгон байланышын бекемдейт, башкача айтканда ”өзү менен өзү ынтымакта болуп гармонияда жашоого жардам берүүчү сөздөр. Баш аламандыктан арылтат, өзү менен өзү бирге, ынтымакта болууга жардам берет”.

Майда тамгалар менен кээ бир беттердин баш жагында жазылган сөздөр аффирмациялар же болбосо денени өз нугунда ишке киргизүүчү энергетикалык кубаттуулугу жогорку деңгээлдеги күчтүү, ачкыч сөздөр. Бул сөздөр руханий энергияны күчкө киргизип, ойду тазалайт жана адамга күч кубат тартуулайт, мээнин иштешин активдештирет, энергиянын толкунун ден соолуктун толкунуна улап, нурдун кубаттулугун өзүнүн күчүнө киргизип калыбына келтирет.

Ал эми сүрөттөр аркылуу керектүү материалдарды көз менен көрүп элестеткенге оңой болот. “Сага эмне керектигин” көз аркылуу мээге элес менен көрсөтөт. Мээ сүрөт аркылуу оңой түшүнөт, руханий, жан дүйнөңдө керектүү өзгөрүү башталат. Ал эми, элестетүү аркылуу эмнени кааларыңды мээ тез түшүнөт, ишке ашырат. Материалдык дүйнө да, руханий дүйнө да түбөлүктүү, өлбөс, өчпөс, генде, канда, маалымат талааңда сакталат. Ошондуктан кээ бир адам тили чыгып сүйлөй баштагандан баштап, өзүн бай сезип, өзүн күчтүүмүн деп эсептейт. Турмуштук тажрыйбалар адамды акылдуулуктан сырткары дагы “акылмандуулукка”, “даанышмандуулукка” ,”мээримдүүлүккө”, “кубанып, бактылуу болууга”, ”сүйүүгө”, “ыраазы болууга”, “туура түшүнүүгө” тарбиялайт. Ошондуктан руханий жана материалдык дүйнөдө өнүгүү зарыл, себеби экөөбү тең бар дүйнө. Аны бул жашоодо бирге өнүктүрүү зарыл. Ал мээнин оң жана сол жарым шарынын ден соолукта болуп, бири-бири менен байланышта иштөөсүнө жараша болот. Интуиция менен логика тең иштешине жардам болот. Кайталап окуп, үн чыгарып айтып койсоң денеге кошумча энергия, күч кубат кошулуп, энергиянын кубаттуулугу жогорулайт, жан дүйнөгө жаңы программа болуп киргизилет. Ошентип, эски жашоого болгон көз караштын эшигин жабуу менен, денеге жаңы жашоонун эшигин ачып, ичине кирип жашоого уруксаат берсе болоорун өзүңө өзүң түшүндүрүп барасың. Ошон үчүн кайталап окуу менен ички дүйнөңдөгү иштетилбеген дың жерлерди өздөштүрөсүң. Жакшы ой жакшы сезимди жаратат– жакшы сезим, нурларды, энергияны кыймылга келтирет. Энергия кыймылга келгенден кийин адам бир нерсени жасагысы келет. Ал эми жасаган иштен албетте жыйынтык келип чыгат. Аны кантип, кандайча жараттың жыйынтыгы сени кембагалчылыкка же байлыкка, оорууга же ден соолукта болууга алып келет. Ойлон, ойгон! Сүйлөгөн сөзүңдүн сапатына көңүл бөл! Баардыгы ар кандай нурлардын дүйнөсүнө уланып, нурдан турат. Жакса жасап көр. Жыйынтык өзүңдүн аң сезимиңдин, билимиңдин, жаратууңдун деңгээлине жараша болот. Ар дайым утук жасап көргөн адам тарапта.