Таза ойлор Так сөздөр - страница 36

Шрифт
Интервал


Ойдун нуру, энергиясы укмуштай көп тармакта. Негизинен оң ойдун тармагы, терс ойдун тармагы дагы өзүнчө чоң дүйнө. Ал эми, өзүнчө талдап келгенде адамда кандай мүнөз болсо ошонун бары өз алдынча “нур тармак”. Ал эми, кубаттуулугу боюнча ойдун оң тармагы эки эсе күчтүү жана ден соолукту чыңдайт.

Адам баласы бир эле убакта бир канчалаган нурларга уланат. Уюлдук байланыш сыяктуу көзгө көрүнбөгөн миллиондогон, миллиарддаган нур жипчлерден турат. Канча сан болсо ошончо байланыш бар деп ойлоймун. Бул менин пикирим, а сен өзүң ойлонуп көр.

“Учур чакта” кандай ойду ойлонуп жатсаң ошол “ойдун толкунундасың!”. Аны башкаруу сенин колуңда.

Ал эми, ал толкундарды күчүнө киргизип, кубаттантып жаткан ар бир адам энергиясы, ойлогон ою, сүйлөгөн сөзү.

“Адам баласы – жаратуучу!”. Адам ою мейкиндикте кичинекей нур,ой менен чогулуп отуруп, океандай чоң толкунду ишке киргизет, б.а. жашоодо ГЭСтер электр тармагына ток берип жаткан сыяктуу.

Ойдун ылдамдыгы ар бир адамдын ой жүгүртүүсүнө жараша, денең канчалык деңгээлде таза, ден соолукта же кир, оорулуу акыбалында болсо, ошого жараша ойлоруң, жашооң болот. Ошого жараша аткарылуунун, ишке ашуунун убактысы, ылдамдыгы аныкталат.

Адам оң ойдун толкунундабы же терс ойдун толкунундабы?

Же экөөбүн тең кармаган тең салмактуулуктабы?

Мисалы, күн чыкканда эле, “күн нуру жерге тарадыбы?”, – ой дагы ошол сыяктуу, өтө тез ылдамдыкта тарайт. Вмрус сыяктуу иштейт.

Адам канчалык бир ойлогон ойду тынымсыз көз алдына элестетип, өзүнүн күчүн, энергиясын, ден соолугу менен ошол ойдун түптөлүшүнө өз салымын кошуп, сөз менен айтып, сезими менен сезип, күндөн күнгө кайталай берсе, ошол ой “тыгыздалып”, “жышталып” отуруп тез “формага” кирип, “образы” түзүлүп, анан бүгүнкү жашоого “буюм, тагдыр, турмуш” болуп келет. Чындыгында ал процесс күнүгө жүрөт, негизинен адамдар өзүн өзү талкалап жок кылуунун аракетинде. Аны мойнуна алгысы келбейт. Себеби, өзүнүнө өзү душмандык кылып жатканын түшүнгүсү келбей, күнөөлүүнү издейт. Бул чындык. Мен аны түшүндүм. Эми, өзүмдү өзүм жеңип, адамдык касиетимди кайрадан кайтарып алуу керектигине көзүм жетти.

Ал эми ойдун кубаттулугу канчалык күчтүү болсо, ал форма Ааламдагы ошол толкунга уланат да өзүнө миңдеген, миллиондогон көп күч кубат менен денеге кайтып келип ойду күчөтөт, энергияңды өзүнө тартып, материалдык дүйнөгө келе баштайт.