Убакыт бир линияда, бир багытта өткөн чак, учур чак, келер чак баардыгы азыр, ушул жерде. Сезим өзгөрдү, кыжаалатчылык кетти, ден соолук чыңдалды, жашоо өзгөрдү жакшы жагына өттү. Болгону, “тазалануу”, “кайрадан жартуу”, “программаны өзгөртүү” ар бир адамдын иш аракетине, чеберчилигине, түшүнүгүнө жараша жүрөт.
Азыр жогоруда келтирилген терс мүнөздөгү мисалды, оң жагына буруп түшүнүп көрөлү.
Эми, “апа” кандайча ойлосо болмок?
Мисалы, апанын жаңы ою:
Менин баламдын дени сак. Күчтүү. Тамакты өз убагында жейт. Чоң энеси өз убагында тамагын берип эшикке алып чыгып таза абада сейилдетет. Кайненемдин ден соолугу чың, эске тутуусу жакшы. Мен ага ишенем, себеби, менден жакшы карайт. Кечинде жолдошум экөөбүздү жумуштан барганда күлүп жайнап тосуп алышат. Биздин үй – бүлө бактылуу! Мен аларды сүйөм! Мен кандай бактылуумун! Жашоом мен калагандай болуп жатат! – деп ойлосо, өзүн кандай сезет?
Ушул ойду “сезим” менен иштеп көргүлөчү. Күнүмдүк жашоодо болуп жаткан ар кандай шартты өзүңөр жакшы сезимге келгендей кылып кайрадан сезим менен иштеп көрүп кана тажрыйба топтойсуңар. Тажрыйба жылдар менен бекемделет, өмүр өтүп, келечекке тагдыр түзүлөт. Аны дайыма жасап, керектүү жерде керектүүсүн жагымдуу кылып пайдалан.
БАЛА: Бала жөнүндө жакшы ойлогон убакта балага көзгө көрүнбөгөн нур толкуну аркылуу эненин “сүйүү , мээр төгүүсү заматта жетип, аны бала сезими менен сезип, денеси чыйралып, өзүн жакшы сезип, чоң энесине мени көтөр деп эки колун созуп умтулат”.
Апанын таза ою баланын сезимине жылуулук тартуулап, бала өзүн апасы жанында тургандай сезди. Ал эми "апанын – нур денеси» заматта баланын жанында болуп сүйүү нурун чачыратып турат. Ар бир адам физикалык денеден сырткары бир канча денеден турат. (Ал денелер жөнүндө китептин “дене түзүлүш жөнүндө” деген темасынан баштап түшүнүк ала баштайсыңар )
Эми бала чыйралып, денеси бекемделди.
Апа– баласына ишеничтин күчүн жөнөттү, ою менен баласына төмөндөгүдөй сөздөрдү айтты:” Менин балам дени сак. Күчтүү! Тамакты жеп, азыр чоң энеси менен эшикке чыгып келип таза абадан дем алып, таттуу уйкуда жатат” – деп ойлосо.
Апа баланын тамак жешине шарт түзөт. Таза энергия балага күч берип, аппетитин ачып тамак жегиси келип, чоң энеси берген тамакты тамшанып жеп, эшиккте чоң энеси менен сейилдеп жүрүп мемиреп уйкуга кетет.