Эми, баланын “омурткасы бекемделип”, көңүлү ачылды, эркин чоңоюшуна шарт түзүлдү. Денесине кирүүчү ток өткөргүч нур каналдары аркылуу тиешелүү нурлар баланын денесине эркин кирип, баланын денесин күч кубат менен заряддайт, денеси мээр, сүйүү нуру менен тамактана баштады. Наристеде коркунучтун нуру токтоп, мемиреген тынчтык, бейкутчулук нуру кан тамырлар аркылуу бүткүл денесине тарай баштады.
Апанын таза ойлору баланын келечегинде өз алдынча, бактылуу жашоосуна шарт түздү. Баланын дене түзүлүшү өзү жаш болсо да “жаратуу касиетине ээ”. Ар бир наристе төрөлгөндөн 12 жашка чейин өз тагдырын өзү түзөт. Ошондуктан, ар бир ата – эне балам бактылуу, ден соолукта болсун десең, наристелер жаш кезинде дайыма чогуу жашап, өзүңөр багып чоңойтуп, балдардын өсүп өнүгүшүнө, келечегине шарт түзгүлө. Ажырашып кетпей, үй бүлөнү сактап жашоо ар бир баланын келечегине чоң салым кошуу болуп эсептелет. Наристелер, психологиялык жактан ден соолукта болуусу үчүн балдардын алдында урушуп, талашууну көрсөтпөгөнгө аракет кылуу керек. Аларды ашыкча башкарууну, токтотуп, баланын каалаганын өзү жасап үйрөнүүсүнө шарт түзүп берүү чоң жардам болот. Эмгек кылууга үйрөтүү баланын келечекте өз турмушун өзү алып кетүүсүнө үрөн себүү болуп эсептелет. Ошон үчүн эмгектенүүгө үйрөткүлө. Себеби, азыркы жашоодон тажрыйба топтоосу керек, жеңил жана оңой керектүү нерсени өзү жасоону үйрөнүүсү зарыл.
Ал эми кыздардын, аялдардын “баланы өзүм үчүн төрөйм” деген ою эн чоң кемчилик экендигин психология боюнча, адам тагдыры кандайча жаралаары жөнүндө түшүнүк алгандан кийин, андай жашоо жаш балага канчалаган “нервдик стрессти” алып келип, баланын “депрессия” менен оорушуна, “жан дүйнөсүнө кыжаалатчылык алып келип, “тагдырына” кандай таасирин тийгизээрин түшүндүм. Албетте, андай тагдырды ар бир аял өз башынан өткөргөндөн кийин өзү кана түшүнөт жана убакыт өткөн сайын өзүнүн кетирген кемчилигин өзү көрүп, талдап көрөөр.
ЧОҢ ЭНЕ: Чоң эне келинин оюн сезип, мээр төгүүсүн кабыл алып, жүрөгүндө сүйүнүч менен денесине күч кубат алды. Менин неберем бар, аны өз убагында тамак берип, ойнотушум керек деген “энелик инстинкти” ойгонду. Чоң эненин денеси чыйралды. Кан басымы нормага келди. Дене активдүү иштөөгө киришти.
Омурткасы аркылуу жашоонун нуру агыла баштады. Бели бекемделди. Эне кайратына кирди. Мээр төгүп баланы кароого кызыгуусу пайда болду. Жаңы жер тартып алсыраганы токтоп, ордунан туруп небереси жаткан жерге барып, баланы колуна алды.Небереге жакшы сөздөрүн айтып эркелете баштады. Баланы тамактандырды, коляскасына салып алып эшикке чыгып таза абада сейилдөөгө кетти.