(Ар бир адам ою өзүнчө ушундай тоскоолдукту түзөт, ар бири ошол ойго ортоктош болуп, күнүгө сөз кылып, ойлой берсе, энергетикалык образ, нур күчкө кирип баланын денесине кирет да , турмушта чын эле бала кембагал, акчасы жок,карызга баткан, ооруу, байкуш же ичкич, же ар кандай терс акыбалга келиши күтүлөт).
Баланын жүрөгү сыгылат. Каны коюланат. Ой жүгүртүүсү начарлайт. Оюна жаман ойлор келе баштайт. Сөз көтөрүмү төмөндөп, жаңжалкеч боло баштайт. Эрки күчтүүрөгү ар кандай жолду издейт, иши жүрүшпөгөндөн кийин ичкиликке же ар кандай терс көрүнүштөргө моюн берүүгө чейин барышы мүмкүн.
Себеби, ал бала “учур чактагы сезими” менен ошол энергияны өз денеси менен сиңирип, чачыратты. Ал эми тууган уругу ошол терс энергиянын кубаттуулугун күчөтүп, баланы дагы алсыратты.
Ошондуктан, өзүнүн ички сезими кандай болсо, “тартылуу күчүнүн” жардамы менен дал ошондой чөйрөдөгүлөр менен дос болуп, ошондой окуялардын күбөсү болот б.а. “учур чакта” өзүн кандай сезсе, достору, айлана чөйрөсү ошого жараша болот.
Калганы түшүнүктүү да. Ал эми мүнөзү боштору өзүн көр жемеге салып, кейикчел болуп, ачык сүйлөбөй, кыжаалатчылыгын ичинде сактап “боор оорууга” чалдыгат, ишке жарамсыз болуп ичеги карын ооруулары күчөй баштайт.
Албетте омурткада проблема көбөйөт. Көкүрөк, бел омурткалары энергияны өткөрүүнүн кубаттуулугун начарлатат, канды коюулантат. Кан коюлганда адам аны суюлтуу үчүн ачуу нерсе ичкиси же жегиси келет. Денеси шалдырап оор жумушка жарамсыз боло баштайт. Алсыз, эрки бош адам, ал боштукту тамеки же алкоголдук ичимдик менен толтурат.
Акчанын энергиясы бул – ден соолуктун энергиясы, бул жашоонун энергиясы, сексуалдык энергия. Айрыкча дененин киндиктен ылдыйкы бүт органдарына, буттардын активдүү иштеөөсүнө чоң таасир берүүчү энергия. Демек, бел курчоодон төмөнкү органдардын иштөөсүнө чоң таасир берүүчү чоң күч.
Бул деген учур чактагы финансылык, материалдык акыбал, бүгүнкү күндөгү жашоо. Адамдар менен Аалам менен болгон мамиле, байланыш. Демек ден соолуктун начарлашына алып келет. Ошон үчүн эч качан өзүңдү өзүң өлтүрүүгө же башкалардын ой пикрине көз каранды болбогонго аракет кыл. Күч өзүңдө.
Эми суроо: “Эмне үчүн жашап жаткандыгыңды билесиңби?