Ал эми кээ бир тил алчаак, ар кандай нерсеге макул болуп, өзүнөн башканыкын туура деп жашаган адам 70-80 ге чыкса дагы үмүт менен качан жакшы жашоо болоор экен деп күтүп жашайт. Жашоо мына ошонусу менен сырдуу. Ал ар кимдин ачылбаган сыры. Ар кимде ар кандай жашоо шарт, турмушка карата өзүнүн ою, жашаган тажрыйбасы бар. Эгерде ушул кезге чейин жашоонун маңызы эмне экенин түшүнө албай жүргөн болсоң өзүңө өзүң суроо бер.
– Жашоонун маңызы эмнеде? – бул суроону кайра– кайра өзүңдү канаатандыраарлык жоп алганча сура. Жашооңдун маңызын түшүнүү өзүңдүн аң сезимиңдин деңгээлине жараша болот. Жашоого кандай көз караштасың ошого жараша өзгөрөт. Эгерде аны туура түшүнсөң, ар кандай кыйынчылыктан тез чыгарат. Мындан ары китептин маңызын туура түшүнүүгө жол ачат. Ар бир окурман ар кандай кырдаалда “айлана чөйрөдөгү адамдар аркылуу өзүн, өзүнүн кандай дүйнөдө жашап жаткандыгын көрө баштайт”.
– Учур чак менен жашоону билеминби?
– Бул жашоого эмне үчүн келдим?
– Мен киммин? – деген суроолор пайда болсо, анда аны түшүнүүнү үйрөнүү зарыл.
Физикалык денедеги “алсыздык” эркектерди бөйрөк оорууларына чалдыктырып, жыныстык оорууларга шарт түзүп, акыры импотенцияга алып келиши мүмкүн..
Өзүн өзү камсыз кыла албаган, кичинекейинде мээрге, сүйүүгө тойбогон эркектер, өзүн өзү жемелөө менен келечек урпактарынын тагдырына сапатсыз тукум улайт. Андан төрөлгөн балдар “жүрөктөгү тешиктин пайда болушуна”, “аз кандуулукка”, “ итий”, “кем акыл же кызтеке” болушу күтүлөт. Албетте, баланын ден соолугуна эненин акыбалы чоң роль ойноөт.
Эмне үчүн азыркы балдар психикалык жактан туруктуу эмес, алсыз, күчү жок? Себеби, ген аркылуу ага өз учурунда ата-энесинин, чоң ата– чоң энелеринин акыбалы дагы салым кошкон. Убагында алардын кандай жашоодо жашаганы унутулуп эле, энени же баланы күнөөлөп, оңой жолду издешет. Баланын жаралуу процессине баардыгынын салымы кошулганын туура түшүнүп, аны эске алган адамдар өтө аз.
Эми, жогору жактагы мисалда келтирген жигиттин тагдырына эмнелер таасир этип жаткандыгына дагы бир кайрылып көрөлү.
Көзгө көрүнбөгөн нур жипчелер аркылуу ал, өткөн жашоодогу сезимдер же азыркы учур чактагы үй бүлөлүк, тууган– урук арасындагы байланыш нурлары баланын тагдырына кандай терс таасирин тийгизип жаткандыгын түшүнүүгө бир аз да болсо маалымат алдыңар.