Ата – энелердин ден соолукта, узак жашоосу урпактардын узун өмүр жашоосунун “булагы, фундаменти”.
Канга, генге, бешенеге, алаканга, ар бир клеткада бүткүл денеге жазылган түбөлүктүү мурасы, тагдыры, ден соолугу болот. Ал тагдыр бир эле урпактардын тагдыры эмес, мамлекет тагдыры да болуп эсептелет. Жалпы элдин тагдыры, мамлекет тагдырын түзөт. Келечек урпактардын денесине жазылган маалымат б. а. “тагдыр” күнүмдүк турмушта айтып келе жаткан – кудай жазган тагдыр болуп жашоодо пайда болот.
Мына ошол тагдыр – “ар бир секунда” сайын ар бир адам аркылуу өз денесинде өзү башынан өткөргөн жашоо менен жазылат.
Эми “оюн оңго бурган ата менен баланын” тагдырын анализдеп көргүлө. Азыр, ата баласы жөнүндө жакшы ойлоо менен өзүнүн жекече тагдырына кандай өзгөртүү киргизди?
Бала: Менин балам күчтүү! Мен балама ишенемин! – деген сүйлөмдүн таасири кандайча болот. Ата өзүнүн бала кезегин, жаш кезегин “күчтүн энергиясына” улады. Ааламга “ мен күчтүүмүн” деген сөздү жөнөттү, ал көптөгөн өлчөмдө атанын денесине кайра нур болуп кайтып келди. Ата аркылуу балдарына, урпактарына – “күчтүн, ишенимдин, жашоонун, бакыттын энергиясы” кетти.
“Күч”– бул ден соолук, денедеги омуртканын чыңдалышы.
“Ишеним”– бул денени бекемдөөчү энергия, омуртканын бекем болуусуна күч кубат берип турат. Ал эми омуртка бүткүл денени иштетип туруучу устун. Омуртка дененин скелетин кармап, кыймылдатып турат. Сөөктүн жоондугу жана бекемдүүлүгү бул, урпактардын күчтүүлүгү. Омуртка аркылуу денедеги майда кыл тамырларга жашоонун нуру кетти. Албетте, “акчанын нуру” дагы. Жогоруда айткандай “акчанын нуру– бул жашоонун нуру”. Дененин ЖЕР менен бекем байланышуусу. Ал деген, турмушта ата-эненин, уул-кыздын, адамдардын, үй бүлөнүн бекемдүүлүгү, айылдын, шаардын, мамлекеттин, бүткүл жер шаарынын бекемдүүлүгү. Аба ырайынын, төрт мезгилдин өз нугуна түшүшү.
Мына, бир эле убакта сөз, ой – бүткүл Аалам менен байланышып жатат. Бир атанын акыбалы аркылуу канча жашоодо өзгөрүү жүрдү. Эненин милдети дагы ушундай, бирок энелердин дагы өзгөчө сырдуу күчү бар. Албетте, жашоо көп тармакта өнүгүүсү зарыл.
Күч – бул эркектик негизги энергия, нур толкуну. Ар бир адам баласы – энергиядан (нурдан) + атом + молекула + клетка + орган + дене түзүлүштөн ж.б.у.с. турат.
Демек, ата балага денесинин оң тарабын чыңдоого шарт түздү, бекемдеди, бир эле убакытта ата өзүнүн да баланын да ички дүйнөсүндөгү, жүрөгүндөгү “жаш баланы колдоду”, ишенимин күчөтүп, эрктүү, күчтүү, айкөл болууга шарт түздү. Балаң сенин ички дүйнөңдөгү өзүңдү чагылдырып турган күзүгүң, өзүң экендигиңди туура түшүн, жаман жагын кемчилиги менен кабыл алып, андан жогору сапаттуу жагына көтөрүлүүгө жардам бер. Ата-баланын бири-бири менен болгон мамилесинин начардыгы, өзү өзүнүн кемчилигин көрө албастан баласы менен тең тайлашуусу. Эми, балаңды кандай болсо ошондой кабыл алуу менен өзүң менен өзүң күрөшүүнү токтото аласың. Кемчилигинен арылууга жардам берип, өзүн өзү кандай болсо ошондой кабыл алып, мындан ары ал кемчилигин кайталабоого жардам берип, жакшы жагын мактап колдоп, коргоп, өзүнүн балага болгон сүйүүсүн айтуу менен өзүн өзү кечире алат. Ошентип улам балага жардам берүү менен энергетикалык жактан күч кубат берип, ишинин жүрүшүнө жол ачып бара бересиң.