Тааныштары, бейтааныш жолуккан адамдар “сен жумуш издеп жатсаң, бул жерде жумуш бар, жүрү биз менен бирге, чогуу иштейбиз”, – деп чакырган адамдарга жолукту. Ар кандай иштер табылып, өзүнө жаккан жумушта “сүйүнүч” менен иштей баштады. Денесине күчтүн, идеянын нурлары кирип жумушка болгон жөндөмдүүлүгү артты. Бели бекемделип, жашоо нурлары омуртка аркылуу бүт денеге тарай баштады. Акча менен байланышы калыптанып, жакшы иштеп, акча ала баштады.
Мына бул, бир кана “ата менен баланын” ортосундагы мамиленин өзгүрүүсү ушунча жашоого өзгөрүү киргизди.
А, эгерде энеси, сүйгөн кызы же аялы, эжеси, бир туугандары, достору ж.б.у.с. бала менен байланышкан адамдар жакшы ой ойлоп, жакшы ниет менен сүйлөсө анда балада өтө чоң – чоң ачылыштар болуп, ийгиликке жетишээри сөзсүз.
Ар бир адам – “ЖАРАТУУЧУ!”.
“Бизди кичинекейибизден түшүндүрүп айтып, жашоосу менен далилдеп ата-энебиз, айлана чөйрөбүз көндүрүп, ишендирип койгон, жашоо деген ушундай эле болот” – деген түшүнүктө жашап келгенбиз. Эми, аны өз түшүнүгүңөр менен анализдеп көргүлө.
Жакпаганын бузуп, жакканын ойлонуп кайрадан өзүң каалаган “ойго”, каалаган “образга” айлантып кайрадан “сезим” менен жашап, аны өзгөртүп көр.
Бул силерге тапшырма. Бирок, бул нерсе менен эле “жан дүйнөн” толук тазаланып кетпейт. Тазалануу үчүн ар тараптан “аң сезим менен түшүнүү” менен турмуштук тажрыйба менен жашоо керек. Жыйынтыгы сөзсүз болот.
Эми, башталышында, азырынча ой менен иштөөнүн эң оңой жолу “энергетикалык жол” менен иштөөнү үйрөнөбүз.
Эгерде кызыксаңар андан да башка жолдору бар, алар жөнүндө башка китептеримде жазылган жана жазылып жатат…
Жашоодо”эч нерсе, жөн эле, өзү эле боло бербейт. Баардыгы бири-бири менен тыгыз байланышта. Ким бул китепти окуп жаткан болсо, сиз менен да менин кандайдыр көзгө көрүнбөгөн жипчелер менен байланышыбыз бар, себеби, бул жерде телефон линиясы аркылуу байланышкан сыяктуу ааламда көзгө көрүнбөгөн жипчелер аркылуу байланышуу процесси жүрөт. Себеби, бул энергия, нурлардын байланыш дүйнөсү. Уюлдук байланыш кантип иштейт, адам оюу дагы ошондой эле ылдамдыкта иштейт. Ойлоп койдуң, жакын адамың сени менен байланышты. Эгерде өзүң менен өзүң “өзүңдүн жан дүйнөңдө” ыраазы болоорлук деңгэлде иштесең, бири– бирибиз менен болгон мамилени оңдоп, өз нугуна салган болсок. Ошондо кана өзүңдүн сезимиңди уга билесиң. Ошентип адамдар бири-бирибизден “эркин” болуп, жөн кана”бири-бирибизди “жөнөкөй адам” катары чын жүрөктөн кабыл алып, бири– бирибиздин жашообузга киришпей “түшүнүп” өз жашообузда гармонияда, “тынч” жашайбыз…