Таза ойлор Так сөздөр - страница 78

Шрифт
Интервал


Жокчулук, жетишпектиктен ар кандай карама – каршылыктар келип чыгаары баарыбызгы белгилүү. Бирок аны токтотуп, жашоону жакшыртуу жагына өтүү үчүн ар бир адамдын өзү үчүн өзү кам көрүүнү үйрөнүүсү зарыл. Өз колу менен жасап ийгиликке жетишкен адам, башка адамга көңүл бөлүп ушактоого убактысы жок. Анын максаты каалаганын жасоо, ишке ашыруу.

Ал эми жогорудагы айтылган сөздөр терс ойлордон жабыр тартып, кембагалчылыктан чыга албай, ар кандай ооруунун “кулу” болгон адамдар үчүн өтө чоң жардамы тиерине ишенем.

Ар бириңерге ийгилик каалайм! Жашоодогу кубаныч, бактылуу турмуш каалайм! Ким иштесе ал тиштейт! Башыңарга келген ойду териштирип, пайдалуусун ойлоону ар бир адам үчүн пайдалуу.

Эмнени ойлосоң – жообун өзүң кана аласың, болгону көбүрөөк өлчөмдө! Тагдырың сенин колуңда. Алла Талаа – адамга “Жаша! өнүк! Өс!”– деп баардык нерсени туулгандан эле берип койгон. Аны пайдаланууну адам өзүнүн “коркунучу, ишенбестиги, айлана чөйрөдөгүлөрдүн таасири астында, ар кандай нерсеге ишенүү менен, ар кандай өзүнүн терс мүнөздөрү” менен жыл өткөн сайын кабат-кабат тосмо менен жаап алгандыгын түшүнүү керек.

Ошон үчүн бүгүнкү күндө көпчүлүктүн мээсинде “Эмне үчүн?” деген суроо кайталана берип тажатат. Ошентип өз жолун таппай “жан дүйнөсү камакта камалып” жанын коерге жер таппай келе жаткан адамдар арабызда арбын. Эмне кылаарын билбей жүргөндөр канча?… Себеби, өздөрүнүн чыныгы адамдык “эң жөнөкөй касиетин унутуп”, “ Мен киммин?” деген түшүнүктөн өтө алыстап кетишкен.

Өзүнө өзү бактылуу, ден соолукта болууга каршылык көрсөтүп, өз жолун өзү тоскон ар бир адам ою, сөзү, сезими экендигин “терең түшүнүү” ар бир адам үчүн керек. Аны түшүнүү үчүн “Өзүңдүн кандай адам экендигиңди анализде, жакпаган мүнөздөрүңдү өзгөрт. Өз күчүңө өзүң ишен! Өзүңдү өзүң сүйө бил!”Күзгүгө келип өзү менен өзүң сүйлөш. Оболу өзүңдүн бүгүнкү акыбалыңды кабыл ал! Андан кийин өзгөрүүгө “Чечим” чыгар!

Дененин касиеттүүлүгү кандайча?


Ар бир адам денеси – өзүн өзү дарылоочу касиетке ээ.

Адам туулгандан ден соолугу чың адам – аны бузган ар бир адам “коркунучу”.

Адам денеси дайыма ден соолукта болуп, жашоонун ыңгайына жараша өзгөрүп туруучу система. Дене ойго, сөзгө, жасаган ишиңе, жашаган жериңе, ишенген ишенимиңе жараша, айлана чөйрөдөгү адамдарга карап өзгөрүп туруучу касиетке ээ. Ар бир адам өзүнүн түшүнүгүнө, аң сезимине жараша энергетикалык ар кандай деңгээлде тургандыктан адам денеси сүйлөшкөн адамды түшүнүү үчүн анын энергетикалык акыбалы өйдө же төмөнкү частоталарга өтүп өзгөрүп турат. Ошон үчүн кээ бир адам өтө ийилчээк болгондуктан ылдый түшкөндөн кийин өйдө чыгууну унутуп “белимчи” болсо, кээ бир адам тактан ылдый түшкүсү келбегендиктен адамдар менен жалпы тил табыша албай “менменсинип” кыйналат. Ал эми өзүнө өзү ишенген, эмне кылаарын так билген адам болсо, ал “ийилчээк” дагы “эрки” да бекем адам. Андай адамдар магниттик тартылуу жана түртүлүү күчүнкантип колдонууну билген адамдар болгондуктан барда көппөй, жокто чөкпөй кантип жашоону билет.Адамдардын саны көбөйгөн сайын дүйнөлөрдүн саны дагы көбөйүүдө, себеби ар бир адам өзүнчө, өзгөчө жаралган адам. Бири-бирине окшобойт жана көпчүлүк окшош адамдар бир дүйнөнү куруп, ошол дүйнөгө кызмат кылат. Сенин дүйнөң кандай? Кандай дүйнөнү куруунун кызматындасың? Аны “бир өзүң билесиң бир кудай билет”– деген сыяктуу. Себеби сенин оюңда эмнелер болуп жатканын өзүңдөн башка эч ким билбейт. Ошон үчүн ар бир адам сырдуу жана көп кырдуу.