Таза ойлор Так сөздөр - страница 79

Шрифт
Интервал


Айлана чөйрөдөгү ар бир адам – ал сенин ички дүйнөңдү чагылдырып турган адам, сенин ички дүйнөң ошол адам аркылуу сени менен сүйлөшөт. Андай адамга “көңүлүңдү буруп” акыбалын түшүнүп “бооруң ооруп” жашоосуна ортоктош болуу же болбоо ал өзүңдөн. Анын жашоо образына кирип алып өмүр бою жашасаң да болот, а бирок “Сенин жашооңду ким жашайт? Эгерде туура түшүнсөң өзүңдүн жашооңду жашоо ден соолугуң үчүн, жаныңдын жыргалы үчүн эң сонун болмок. Эмнеге ишенсең ошол сенин чыныгы жашооң болуп келет. Ал адам – сенин ички дүйнөңдү чагылдырган күзгүң же экөөбүң бири-бириңе күзгүсүң!

Ар бир адам денеси өзүнүн сезими менен өзүн өзү ооруу акыбалга алып келе алат жана андан өзү ойдун, сезимдин жардамы менен “көңүлүн башкага буруп” бошоно алат жана ден соолуктун толкунуна өтө алат. Ой ачкычы, сөз ачкычы, жашоонун ачкычы өзүңдүн сезимиңде, ички дүйнөңдө – “аң сезимиңде, түшүнүгүңдө!”

Өзүңдү өзүң сыйлоо, колдоо, сүйүү – бул баардык тоскоолдуктардын ачкычы. Ал эми тоскоолдукту ар ким “коркуу” менен кетенчиктеп, өзү каалаган нерсени өз убагында аткарбастан артка чегинип, өзүнүн кыялы, сезими, ою, сөзү, жасаган ар кандай актануусу, шылтоосу, жалкоолугу, жоопкерчилигинин жоктугу менен күнүгө түзүп барат. Кимге кандай жашоо керек? Тандоо өзүңдөн. “Чечимиңди” кандай чыгарсаң жашооң өзүң түзгөндөй кана болот.

Сөздүн ден соолукка тийгизген таасири жөнүндө?


Сөз – бул , биздин ойлогон ойду тезирээк ишке ашышы үчүн күч кубат берип турган энергия, нур күчү. Ой менен түзүлгөн образдарга кошумча нур берип кыймылга келтирүүчү энергия. Себеби, сөз айтылгандан кийин үндүн энергиясы активдештирилет дагы образга дагы кошумча күч кирет. Же сөз айтылгандан кийин образ көрүнө баштайт.

Ойлогон ойду сөз менен бекемдесек ойлогон ой активдештирилип, бүгүнкү жашоодо тез ишке ашууга шарт түзүлөт, албетте иш арактин кошо жасаса. Эгерде эч кандай иш аракет жасабасаң, ой, кыял, алдыга койгон максат бойдон кала берет дагы, ден соолуктун энергиясын өзүнө тарта баштайт. Ошондуктан, керегин пайдалан, керексизин өчүр, ал кыялыңдан баш тарт, эсиңден чыгар, аны ойлонуп, ден соолукту, жашоонун энергиясын бекер кетирүүнүн кажети жок.

Сөзгө канчалык маани берсек, тактап, ачык сүйлөй алсак, ошончолук жашоодо жеңилдик көп болуп, каалаган максат, тилектерге жетүүгө жол ачылып, ниет кылынат. Себеби ал адам эмне керектигин ачык айтып, ал жөнүндө ааламга каалоосун жөнөтөт.