Мен жасай алам, менин колумдан келет.Кантип жасаганды билемин!
Баардыгы болуп жатат, жасап жатам
Мен жасаганды ниет кылам, каалайм, ишке ашырууну ниет кыламын. Ниетим кабыл болду. Каалаганым ишке ашты.
деп өзүң үчүн жоопкерчиликти алып, чечим чыгарсаң эле денең жаңы программа менен иштөөнү баштайт. Ар бир жакшы ой келгенде “Ооба, дал ошондой болушун каалайм!”– деп өзүңдүн сезимиңди бекемдөө зарыл. Бул мотивация , дем берүүчү сөздөр адамдын активдүүлүгүн жогорулатат. Ар кандай көңүлгө жаккан жагымдуу сөздөрдү угуп, кыялга келген убакта “Ооба”– деген сөз менен кыялданып ошол ойго сөзгө күч кубат бергенде каалаган нерсе тез аткарылууга кетет.
Ушул китепте “Омуртка ден соолукка, тагдырга кандай таасир берет?” – деген темада ар бир органга таза, ден соолукка пайдалуу сөздөрдүн мисалдары келтирилген. Жалпысынан алганда китепти жазуумдун максаты дагы, денени калыптандыруучу сөздөр, ойлор кайсылар экендигин түшүндүрүү. Ар бир адамга алгачкы адамдык касиеттин жаралышын эскертип, өз нугунда ден соолукту түшүнүү менен аны өз нугунда калыптандыруу.
Эмне үчүн көпчүлүк адам өзүнө жакпаганын тез алат?
Канчалык нааразылык күчөгөн сайын ошол нерсе күчүнө кирип жатабы?
Эмнени жек көрсөң, жашооң, турмушуң, коомуң ошол нерсеге сүңгүп кирип бара жатабы?
Бүгүнкү күндө мамлекетте болуп жаткан окуялар, түздөн түз ар бир адам менен байланышып жаткандыгын ойлогон адам аз санда. “Кетсин” деген сөз кандайча адамга кызмат кылып жатат. “Башкаларды кетсин!”– деп жатып, жакын адамдарыбыздын бизден алыстап бара жатканын сезбей да калдык. Ыйлагандар ый менен алек болсо, той кылгандар той менен алек.
Маалымат берүүчү кызматкерлер эмненин үрөнүн элге күнүгө чачып, сээп жатат? Ошондой тагдырды келечегине кантип түзүп жатканын ойлодубу? Албетте жок! Ал адамдар учур чакта үй-бүлөнү багуу үчүн же атак даңк, жогорку маяна, сыйлык алуу үчүн эмгектенет. Ал эми, жашоо үчүн эмгек кылбаса, эч ким сага айлык акы төлөбөйт. Ал түшүнүктүү. Эмне үчүн ал адамдар ушундай жашоонун кызматын тандады? Чындыгында андай адамдарга “көңүл буруу” кана жетишпейт. Башкача айтканда эң жакын адамдарынын “сүйүүсү, мээри, мактоосу, колдоосу, сыйлоосу” жетпейт. Ошон үчүн башка адамдардын жаман же жакшы жагына көңүл бөлүп ошондон ырахат алууга аракет кылат. Бул, албетте энергия. Ар бир маалымат энергиядан турат. Ал нерсе адамдардын эмоционалдык, психологиялык акыбалына кантип таасирин тийгизип, кыжырдануусун кантип кайнатып, жашоого болгон көз карашын кандайча өзгөртүп жаткандыгын ойлодубу? Албетте жок! Анын ордуна адамдардын ден соолугунун, жашоосунун кантип бузулуп жаткандыгын, кантип өзүнүн салымын кошуп жаткандыгын эртерээк ойлонуп, жашоонун адамдарга жакшы сезим калтыра турган жактарын көрсөтүүнү үйрөнсө жакшы болмок. Жаман менен жакшынын пайдалуу жагын туура көрсөтүү ар бир адамга жардам бермек.