Таза ойлор Так сөздөр - страница 89

Шрифт
Интервал



Жогорудагыларды “түшүнүү менен кабыл алып, тагдыр кантип түзүлөөрүн” алдын ала көрө алгандар үчүн, албетте, бирөөнүн жекече тагдырын аңдып аны жарыялоонун кажети бар же жок экендигин туура түшүнмөк. Эми, мындан ары маалыматтын кандай түрү элге пайда келтирери жөнүндө ал адамдын “уяты, намысы” белги бергенин өз учурунда сезе билсе жаны кыйналбай өзү менен өзү гармонияда жашап, уйкусу тынч болмок.

Ошондой эле динге баш оту менен кирип, учур чакта жашоону унутуп, бейишке умтулгандардын саны көбөйүүдө. Эмне үчүн ал жол алар үчүн туура? Себеби, “жаны” ошол энергиядан тынччылык, бейкутчулук алат. Коркунучун , кудайдын калкалоосу менен убактылуу токтотот. Ал калкоолоодон чыкты дегиче “коркунучтун” чеңгелине туш болот ошон үчүн ал көлөкөдөн чыккысы келбейт. Жашоодо болсо экөөбү тең энергиядан турат. “Коркунуч” терс энергияда болсо, “кудайдын энергиясы оң энергияда. Ал эми ар бир адам экөөбүн тең пайлдаланууну билген ортодогу тараза. Кудайдын күчү асманда эле эмес ар бир адамдын жүрөгүндө, денесинде, көзү көрүп, кулагы угуп, колу кармап, сөзү менен сүйлөгөн сөзүндө, жыттаган жытында, жеген тамагынын даамында, териси менен сезген сезиминде, адамдар, дүйнө менен түзгөн мамилесинде. Ар бир дүйнөдөгү жаралган нерсенин баардыгы энергиядан турат жана ал жаралуу кудайдын жараткан күчү аркылуу энергиялардын жардамы менен ар кандай формада түзүлгөн дүйнө.

Ошон үчүн “кудайдан коркуп, кудай мени жазалайт” деген ишенимдерден арылуу керек. Кудай эч кимди жазалабайт, сен өзүңдүн коркунучуң менен “уятың, намысың” аркылуу өзүңдү өзүң жазалайсың. Болгону ал сезимдерди өз нормасына келтирүү керек. Ар бир ашыкча сезим адам жашоосу үчүн коркунуч туудуруп, өлүмгө алып барат. Ал эми, жан дүйнөнү тынчтантуу үчүн эмне керек экендигин түшүнгөн адамдар болсо, энергиясын “жазалоого” коротпой, өзүнүн жашоосун кантип жашаса жакшы болоорун пайдаланып тагдырын ыраазычылык менен куруп, жашап улантууда.

Ал нерсе ар бир адамдын өзүнө кана белгилүү. Өзүңдүн жасаган ишин, түшүнүгүңө жараша өзүңө күбө.

Канчалык “жек көргөн нерсеңди болбосун” деп күрөшкөн сайын, жек көргөн көрүнүш күчүнө кирип, өзүңдүн урук– тууганыңда же өзүңдө пайда болуп жатат? Канчалык башкаларды ушактап, көп сөз кылган сайын ал жашоо өзүңдүн жашооңдо пайда болуп жатканын байкабай да каласың. Аны өз тагдырыңа көңүл бөлүп, анализдеп көрсөң, айлана чөйрөңдү байкап көрсөң болот. Себеби, сенин “көңүлүң” ошол толкунга байланышкан, сен ага каршылык көрсөтүп жатасың. Эмнеге каршылык көрсөтсөң ошол нерсе сага тартылат. Эми, эмнеге каршылык кыласың, аны кабыл ал, андан кийин ал сезимди коюп жибер. Мисалы: “Мени кудай жазалайт” деген программаны кантип өчүрсөк болот? Тикеңден тур. Көзүңдү жуумп көргөн пайдалуу. Бутуңду дарак сыяктуу жерге тамыр алдыр. Денеңди бош кой, ал энергия денеге кирсин, себеби канчалаган жылдар сени коркутуп башыңда ой менен коркутуп келет. Башыңдын ичин байка, мээнин кайсыл жагында кысылуу, сайгылашуу, ооруп кетүү байкалды. Көзүңдү жуумп, тикеңден туруп, бир калыпта дем алып дем чыгар. Денедеги кысылган сезимди кабыл алып, денеңди бош карма. Коркпо, болгону ал энергия, энергиянын коркунучу. Коркунучуң көп болсо денең титиреши дагы мүмкүн. Андай убакта колуңду көкүрөгүңө коюп, коркпо, бул энергия азыр чыгып кетет. Мен сени менен биргемин!– деп өзүңдү өзүң колдо, көкүрөгүңдү таптап – таптап кой. Акырындап бүт денеңди аралап колдун буттун учунан сыртка чыга баштайт. Төбөңдөн Алла Талаанын фиалетовый цвет же сирень гүлдүн түсүндөй нуру куюлуп түшүп, денең аркылуу өтүп, коркунучтун баарын жууп тазалап сыртка чыгарып таштады деп элестет. Ордуна “Жараткан Алла Таала мага жаңы программа киргиз “Мени кудай колдойт, мага жашоону жаша деп берген. Мен өзүмө өзүм жашоого уруксаат бердим! Кудай мени колдойт жана коргойт! Мен кудайдын коргоосундамын!”– деген программаны киргиз(телефонго жазып алып уксаң да болот). Мен тынч! Сен тынч! Ал тынч! Биз тынч! Дүйнө тынч! Аалам тынч! Кудай тынч! Мен өз жайымдамын! Сен өз жайыңдасың! Ал өз жайында! Биз өз жайындабыз! Дүйнө өз жайында! Аалам өз жайында! Кудай өз жайында!– деп көкүрөгүңө эки колуңду коюп, көкүрөгүң күндүн нуруна толду деп элестетип кой. Толгондо колуң өзү ал жерден алынат. Көзүң ачылып кетет. Мына ушинтип, өзүң түзгөн коркунучтан өзүң чыгып кетесиң. Баардык көзгө көрүнбөгөн денелериң менен байланыш калыптанат. Ал денелер жөнүндөгү маалымат ушул китепте жазылган. Эми, жаша! Адам баласы, кудайдан коркуу үчүн эмес жер бетине жашоо, жаратуу үчүн келген.