Бейиш-Эненин таман алды… - страница 2

Шрифт
Интервал


Бейиш деген эмне? Бейиш деген сөздү укканда эле ар бирибиздин көз алдыбызга жапжашыл түскө боелгон кооз жерлер, түркүн-түстүү дарактар, мына-мына өзү эле оозуңа келип түшүп калчудай болгон, мөлтүрөп бышкан мөмө-жемиштер, кооз үйлөр, арууланган, тазаланган адамдар жана башка эң бир керемет асылдыктар, түркүн-түрлүү тамактар кыскасы жомоктогудай жашоону элестетебиз. Бейиш – бул түбөлүк бактылуу жашоо, жалган жашоону артта калтырып, чыныгы жашоо. Мына ушул чыныгы бактылуу жашоо – энелерибиздин таман алдында. Албетте, «кантип ушундай болсун?» – деген ой бир кылт этип өтөт.

«Эне» – деген ким? «Эне» деген 3 тамгадан турган сөз өзүнө канчалаган кереметти камтып турат. Эне – бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык асыл зат.

Ал – үй-бүлөнүн куту, жашоонун башкы каарманы, тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдызы, айтор, бардык жакшылыкты өзүнө камтып турган мээримдүү, боорукер, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан-дүйнөсү назик жан. Энени урматтап сыйлай билүү – биздин ыйык милдет.

Тогуз ай курсагында көтөрүп, тогуз толгонуп, бизди жарык дүйнөгө алып келген күндөн баштап жаныбыздан карыш жылбай, Кудайдан өмүрүбүздүн узун, ден-соолугубуздун чың, келечегибиздин кең, ыйманыбыздын бар болушун, акылыбызды, адамгерчилигибизди тилеп сураган жан – ошол биздин энебиз. Эне деген өтө сезимтал жан тура. Ал баарын көрбөсө да, жүрөгү менен сезип, билип, туюп турат. Ал балдары үчүн бул жашоонун ысыгына да, суугуна да чыдап, тагдырдын ар кандай ташкынына каршы туруп, аны түшүнүп, балдарына таалим-тарбия берип, акыл-насаат айтып, ар дайым туура жолду тандоого аракет кылат. Анткени, баланын эң биринчи жол көрсөтүүчүсү, тарбиячысы – эне.

Улуу пайгамбарыбыз Мухаммедден (с.а.в.) бир адам: «Кимге жакшылык кылайын?» – деп сурайт экен. Анда пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Биринчи кезекте энеңе, андан кийин энеңе, андан кийин да энеңе, андан кийин атаңа жакшылык кыл», – деп жооп кайтарат. Чындыгында эненин сүтүн эч качан актай албайбыз. Эненин сүтүн актоо үч жолу меккеге жөө көтөрүп барганга тете тура. Анткени, күнү-түнү уктабай, балдарын калкалап, эрезеге жеткирген ошол эмеспи.

Ырас, эне – ушунчалык мээримдүү, боорукер жан. Анын бүт ой-тилеги

баласында. Баласы үчүн жашап, өзү кийбегенди баласына кийгизип, өзү ичпегенди баласына ичирип, баласы ыйласа кошо ыйлап, ооруса кошо ооруйт. Энелердин агарган чачынын ар бир талында балдарынын салымы бар. Алар балдары үчүн жанын кыюуга да даяр.