Читать Бейиш-Эненин таман алды… - Мирлан Калдыбаев

Бейиш-Эненин таман алды…

На данной странице вы можете читать онлайн книгу "Бейиш-Эненин таман алды…" автора Мирлан Калдыбаев. Общий объем текста составляет эквивалент 20 бумажных страниц. Произведение многоплановое и затрагивает разнообразные темы, однако его жанры наиболее вероятно можно определить как современная русская литература, стихи и поэзия. Книга была добавлена в библиотеку 09.08.2023, и с этой даты любой желающий может удобно читать ее без регистрации. Наша читалка адаптирована под разные размеры экранов, поэтому текст будет одинаково хорошо смотреться и на маленьком дисплее телефона, и на огромном телевизоре.

Краткое описание

Бул китепчеде өзүмө тийиштүү кол жазмаларым калтырылды.Өтө келишкен акын болбосом да бир аз кара калем менен достошуп чиймеледим.

Книга Бейиш-Эненин таман алды… онлайн бесплатно


© Мирлан Бакытович Калдыбаев, 2020


ISBN 978-5-4498-6465-9

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero


Ата – Эне

Ар кимдин ата-энеси бар. Сенин атаң – чоң атаң менен чоң энеңдин баласы, апаң – тай атаң менен тай энеңдин кызы. Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эресеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, таалим-тарбия берип өстүрөт. Ата-эненин балага болгон мээрими, көргөн камкордугу, келечегинен күткөн үмүтү чоң. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы-капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп билим алышыңа, эмгекке үйрөнүп, акыл-эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Балага ата менен энеден жакын адам болобу? Ата-энелердин бала үчүн кылган эбегейсиз зор эмгегин эмне менен өлчөөгө болот? Сенин баскан-турганың, ар бир жакшы кылык-жоругуң, ата-эненин жүрөгүн элжиретип кубанычка бөлөйт. Мектептен алып келген төрт же беш деген баа атаң менен энеңдин төбөсүн көккө жеткире кубандырарын унутпа. Тескерисинче, кетирген кемчиликтериң, окууга, ишке болгон эринчээктигиң, шалакылыгың, ата-энеңди капалантып, сары санаага түшүрөрүң да дайыма эсиңде болсун. Сен алардын эмгегин сыйла, урматта! Бош убагыңда колдон келишинче үй жумушуна жардам бер. Ата-энең менен сыймыктан!

Адамгерчилик, ак ниеттүүлүк, эмгекти сүйүүнү да негизинен ата-энеңден үйрөнөсүң. Силерден улуулардын көргөн-билгендери көп, тажрыйбасы бай. Ошондуктан алардын жаштарга, өз балдарына айтар кеп-кеңеши, үйрөтөр өнөрү да арбын. Айрыкча алар картайган кезде жакшы каралаш, кейитпе, көңүлүн көтөрүп, кубант, ден соолугун сакта. Улууга – урмат, кичүүгө ызаат деп айтылат кыргыз элинин макалында, өзүңдөн улууларды сыйлабасаң, өзүңөн кичүүлөр да сени сыйлабайт.


БЕЙИШ – ЭНЕНИН ТАМАН АЛДЫНДА

Байыртан эле кыргыз элибиз көркөм сөз өнөрүнө бай келет эмеспи. Алар илим-билимден түшүнүгү жок, тунжураган караңгылыктан шоола издеп жүргөн мезгилде эле ырларды, обондорду жаратып, чексиз бай оозеки адабиятты түзүп келишкени белгилүү. Алардын ичинен макал-лакаптар элибиздин дүйнөгө болгон көз карашынын, кыял-жоруктарынын, салт-санаасынын, турмуш тиричилигинин «жазылбаган» тарыхы болуп эсептелет.

Кыргыз эли ар бир айтылган сөздү, ар бир аткарылган ишти өз орду менен, өз баркы менен баалап, кадырлап, сыйлап келишкен жана ага карата макалдарды, учкул сөздөрдү, накыл кептерди чыгарышкан. Мисалы, «Мекен» деген сөздү алып карай турган болсок, ал тууралуу канчалаган макал-лакаптар, учкул сөздөр бар. Алардын ар бирин окуп отурсаң өзүнөн-өзү мекенге болгон сүйүү сезими күчөп, патриоттук сезим ойгонот. Ал эми «тил» тууралуу макалдардан, тилдин баалуулугун, ыйыктыгын, улуулугун, урматтап-сыйлообуз керектигин, ал биздин көрөңгөбүз, казынабыз экендигин түшүнөсүң. Мындан тышкары ата-эне, сүйүү, жаратылыш, эмгек, ынтымак, достук, береке, үй-бүлө, өмүрлүк жар, жаныбарлар, кыздардын, уулдардын тарбиясы тууралуу, деги койчу ар биринин өз-өзүнчө сырын, маанисин, маңызын ачып, улуулугун даңктаган макалдар элибизде өтө арбын. Мына ушундай улуу макалдардын бири – «Бейиш – эненин таман алдында».


Читайте также
Выйти из игры на пять минут, чтобы отыскать своё идеальное место на Земле — стоило того. Но какова цена? Потерять поддержку родных и в очередной раз...
Гибнущий мир захвачен нечистью, мертвецами и тьмой. Гниющие моря воняют на сотни верст, океаны пересыхают, ядовитые ливни выжигают растительность и...
Почему и зачем написана эта книга? Много лет назад, хотя, если честно совсем недавно, когда я только начинал работать торговым представителем, с первы...
Самый полный в мире сборник СЕКС-ФАНТАЗИЙ и сценариев РОЛЕВЫХ ЭРОТИЧЕСКИХ ИГР для пар, желающих сохранить страсть в Любви.
Ырдын кара сөздөн айырмасы бар экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми 18-кылымдагы француз драматургу Мольердин Аксөөккө айланган карапайым деген комедиясы...
Бул чөнтөк китепчеде өз калемиме таандык чыгармалар камтылды. Бала кезден бери жазылып дептерге сакталып келген ыр жыйнагым назарыңыздарда.
Ыр арнадым тамгаларды тегиздеп.Бөбөктөргө жаттап алып жүрсүн-деп.Же болбосо дос курдаш курбулар,Балалыкты эстеп жүрсүн-деп…...
Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу бал...