* * *
Өлгөндөн кийин хан деле, дыйкан деле, бирдей кара жерге койулат. Хан үчүн тиги жакта хан сарай жок, дыйкан үчүн тиги тарапта өзү иштеген талаасы жок.
* * *
Улгайып калганыбыздын белгиси биздин өңүбүздөн,
чачыбыздан, денебизден, сүйлөгөн сөзүбүздөн эле билинип турду.
* * *
Өткөн өмүрүбүздүн элеси биз жасаган эмгектен көрүнүп турсун. Эмгегибиз жашап, өмүрүбүздөн өткөндүн элеси жанып турсун.
* * *
Чыгармачылыктан жолу болуп келаткан адам, аябай жолу болуп келаткан мергенчиге эле окшошот.
* * *
Адам өзүнүн ордун билиш керек, көрүнгөндү ээрчий берсе ал жаңылат. Аны көрүп башкалар да жаңылат.
* * *
Бабалардын басып өткөн жолу биз үчүн улуу тарых. Ал тарых унутулуп калбасын деп, китепти ойлоп чыгарып, өткөн өмүрүн ак барактарга ыр кылып калтырышкан. Бул улуу китепти ойлоп жазуунун өзү эле эрдик жана акылмандуулук.
* * *
Улуулук бизге байлык, мансап аркылуу келбестен, талант жана эмгек тараптан келген.
* * *
Бүткүл элди жалгандык менен алдасаң анын аягы эмне менен бүтөт? Үй-бүлөңү жалгандык менен алдасаң анын аягы эмне менен бүтөт?
* * *
Сүйүү никеге чейин болгон. Никеден кийинки сүйүү жоопкерчиликтүү сүйүүгө айланат. Анткени ал жашоодо чыныгы бактылуулукту, турмуштун дал өзүн аралап кетет.
* * *
Үй-бүлө бул: Ата-эне, балдар, кыздар, неберелер жана башкалар. Үй-бүлөлүк сүйүү бөлүнбөс ынтымактын биримдиги. Ал биримдик жалпы элибиздин биримдиги.
* * *
Кичүү муундар улуу муундардын айткан осуяттарын, санжыраларын, уламаларын үйрөнүш керек. Себеби, ошолордо чоң тажрыйба баштамалардын негизи бар экенин билсин.
* * *
Байгеге отуз күлүк кошулду эле, ошолордун ичинен бир эле акбоз күлүк ашып келип, көптөн берки болот деген ат чабыштын тагдырын жалгыз өзү чечип койду. Ал тагдыр бир эле күлүккө таандык.
* * *
Бир сулуу, акылдуу кыз жаштык дүйнсүн байытат, эгерде ал өз сулуулугун булгабай өтө таза сактаса.
* * *
Коркунуч келгенде, агаң – калтааруу, иниң – сабыркоо болот. Кубаныч келгенде агаң-сүйүнүч, иниң-ишенич болот.
* * *
Эки тоонун ортосунда туруп алып кыйкырам. Жаңырыгым аскалар тараптан угулуп турду. Жаңырыгым – ырларым болчу.
* * *
Бала ээрчитип бараткан аялды көрдүм.
Музоо ээрчитип бараткан уйду көрдүм.
Кулун ээрчитип бараткан бээни көрдүм.
Алардан кийин жолдо бараткан энени көрдүм.
* * *
Таң агарганда кыштактын бир жеринде басылбай балканын үнү угулуп жатты. Бул жаңырыктан жаңы башталган эмгектин добушу чыгып жатты..