Адамдын Асыл ойлору - страница 15

Шрифт
Интервал



* * *

Көк-Кыяга кетчү жолдо турам. Астымда ашуу, бул жерден өткөн ата-бабамдын арбагына бата кылдым. Ашуудан аман ашып кеткей элем.


* * *

Астымда чоң дайра агып жатат. Ал менин өмүрүм. Дайра азыр агып жатат. Анын акпай калчу күнү келет. Ал күн алыспы, же жакынбы аны такыр билбейм?


* * *

Жомоктордо бул окуя илгери-илгери болгон дешет. Азыркы заманда дагы жомоктор жаралып жатат. Ал жомоктордун каарманы биз өзүбүзбүз.

* * *

Адам өзүнүн турмушун жакшы жагына өзгөртсө, ишеним жакшы түшүмүн берет.


* * *

Нике үй-бүлөнүн келечеги. Үй-бүлөнүн мындан аркы жоопкерчилиги.Алардын турмушу андан ары уланат.


* * *

Ата-эненин жан дүйнөсү канчалык бай, кубаттуу болсо, балдарга жашоо ошол жактан агылып келет.


* * *

Жакшы үй-бүлө болгон жерде, бири-бирин аё бири-бирин баалоо, жардам берүү сезими жаралат. Анан барып үй-бүлөнүн бекемдиги чыңалат.


* * *

Айылга карай алыстан топ атчандар катуу келе жатат. Ошол атчандардын алдында боз жоргочон адам келе жатат. Адамдардын баардыгы ошол кишилерди күтүп жатышат. Ал бир жаңылык алып келе жатабы, ким билет?.

* * *

Адамдар асмандагы жылдыздарды жердеги болуп жаткан азап-тозокторду билбейт деп ойлошот. Жок алар жердегилердин баардыгын көрүп-билип турушат. Адамдардын бири-бирине чачкан азап-тозокторун көрүп-билип, жылдыздар кайгыдан түн ичинде кайып жоголуп жок болуп жатышат.

* * *


Тарыхта жеңилбей турган төрт эле нерсе бар: талант, мезгил, мейкиндик, жашоо. Адамдардын ырларынын көпчүлүгү ушул төртөөнөн куралаарын туюп билдик.


* * *


Биз улуулукту жер титиреткен бийлик жана байлык аркылуу, келет деп ойлогонбуз. Жаңылыппыз, улуулук, талант жана эмгек тараптан келатканын көрдүк


* * *

Адамдар акыл жана эмгек аркылуу атом, водород бомбаларын таап алышып, бирин-бири кырсыктата баштады. Муну көрүп, күн эне менен асман эне айтты:


– Пенделерим бири-бириңерге бактысыздыкты чачпагылачы , ал кырсык, жаратканым силерди кырсык үчүн жараткан эмес,-деп кайгыланды


* * *

Адамда чындык менен сүйүү өлгөн күнү ошол жерден ишенич кайып жоголот.


* * *


Ар бир адам жашоодо жаңырык болуп туруш керек.Адам жоголгон күнү жаңырыгы кошо жоголот.


* * *

Ар бир үй бүлөнүн жыргалчылыгы анын карамагындагы өлкөнүн бейкуттугу.


* * *

Наристе ата-энесине талпынды. Бул белги менин таянычым силерсиңер, силер бар мен бактылуумун деген белги эле.


* * *

Никесиз төрөлгөн бала таалайсызбы же ошол баланы жаратып карабай качып кеткен ата-эне таалайсызбы?