Адамдын Асыл ойлору - страница 6

Шрифт
Интервал



Ошол үчүн жашоонун кайрымы бар.


* * *

Өткөн өмүрдүн элүүдөн бири гана кайрылган. Ошондуктан өмүр сүрүү өкүнүч.


* * *

Өмүр бир кайрык, эмес миң кайрык. Ошондуктан жашоо бизге сырдуу жана табышмактуу кубулуш.


* * *

Эч убакта түн ичинде карга каркылдабайт. Каргадай болуп жаманчылык каркылдайт.


* * *

Ыр учуп жүргөн куш, саяпчы аны кармайын деген- акын.


* * *

Аары тикендерге денесин сайгылатып, азап менен бал чогулткан сыяктуу, акын дагы толгон тозок менен ыр жыйнайт. Балды адамдар тамак сыяктуу жеп алышса, ал эми ырды адамдар окуп кылымдар бою ырахат чогултат.


* * *

Жакшы кабарды чабандес алып келе жатат, кабар менен кошо адамдардын жүрөгүнө кубаныч кошо келе жатат.


* * *

Тарбиялоодо ата насаат айтуучу, бала угуучу. Экөөнүн көздөгөнү бир жерден чыгышы керек.


* * *

Куш жемди күтөт, адам жакшылыкты күтөт, ал эми айыкпас оорулуу адам эмнени күтөт?


* * *

Жүрөгү таза адамдар чындыкты-жалганга, караны-акка, эч убакта аралаштырбайт. Аны жомоктогу терс каармандар аралаштырат.


* * *

Биз кимди колдосок, алар бизди колдойт. Бир-бирибизге куш кабар жетип турат.


* * *

Ар бир очоктун ээси эне болот. Очок эне аман болсо, үй-бүлө бактылуу болуп, анын айланасында балдар бапырап ойноп жакшы маал болот.


* * *

Мен өзүмө керекмин жана да үй – бүлөмө керекмин, кимге пайдам тийсе, ошого керекмин.


* * *

Өмүр кыска, мезгил да кыска, баары кыска, а жашоодо эмне узак?


* * *

Жан дүйнөсү начар руху өтө төмөн адамдан жакшылыкты деле күткөн эмеспиз.


* * *

Талаада жалгыз даракка аяныч, уяда жалгыз жумурткага аяныч, сапарга аттанган жалгыз туякка аяныч.


* * *

Эч бир жазуучу бу дүйнөдө жок нерсени жазбайт, баары эле баягы болгон нерсени көркөмдөп, акылман терең ой менен жазган. Бирок таланты жоктор деле китеп жазган.


* * *

Ал өз жолу менен кетти. Мен да өз жолум менен кеттим. Баары эле өз жолу менен кетти. Өз жолун таппай жүргөн адамдар эмнеге адашат?


* * *

Мен жол менен басып баратам. Менин айланамда мезгил да токтобой өтүп баратат. Мезгил менен кошо өмүрүбүз кайда шашып баратат?


* * *

Бир жазуучунун чыгармасын окуп көрсөм жазгандары мен жазып жиберчүдөй оңой нерсе болуп көрүнөт, а биз эмне үчүн ошол оңой нерсени мурун жазган жокпуз. Бирок ошол жөнөкөй чыгармада өтө татаал мээнеттин жолу көрүнөт. Андан мурдараак биз издеп жүргөн таланттын өзү көрүнөт.


* * *

Экөө бар, экөөнүн биринде жок, биринде бар. Жогунда жакырчылык, беркисинде байлык болгон.