Адамдын Асыл ойлору - страница 5

Шрифт
Интервал



* * *

Кубанычтын өңү жашыл, жаздын өзү жашыл, жашаргандын баары жашыл.


* * *

Бир жолдо келаткан үч жолоочунун үч жолу бар, ошондой эле үч жолочунун үч тагдыры бар.


* * *

Падыша же жөнөкөй адам үчүн адилеттик – бирөө, экөөнө эки башка адилеттик жок. Анткени күн бирөө. Жана дагы ар бир адам үчүн өмүр бирөө.


* * *

Бүткөн иштердин көбү бара-бара унутулат. Эл баспай калган жол унутулат. Өлгөндүн изи унутулат.


* * *

Бийиктик бат эле жете койчу тепкич эмес, адам ойлогон ой, түрүп алчу жип эмес, таалай усталар жасаган сандык эмес.


* * *

Максатына жетпей калган адамдар ойлонуу менен таңды атырат, ойлонуу менен күндү батырат. Бирок ошонун өзүндө ийгилик болобу?


* * *

Күндүн артынан түн келет. Түндүн артынан күн келет. Баары эле кайта келет. Бирок өмүр өткөн сайын жашоо сага башкача болуп келет.


* * *

Бир чымындын өлүмү адам үчүн кадимки эле көрүнүш.


Бирок чымын үчүн орду толбос оор жоготуу болгон.


* * *

Жек көрүүдөн жамандык төрөлөт. Башка эч нерсе төрөлгөн эмес.


* * *

Асмандагы күн -бирөө, жалгыз сапар келаткан жолочу- бирөө, жалгыздык өзү деле -бирөө.


* * *

Ач көздүн жан дүйнөсү тар болгон менен аны карап турган аалам ошончолук чексиз кенен эле болгон.


* * *

Ар бир адам ден-соолугун мыкты күтсө болот, аны күтүү өзүнчө бир чоң чеберчилик.


* * *

Чындыкты жалгандан айырмалаш үчүн көсөм акыл керек болгон.


* * *

Өлүм төрөлүүдөн коркот. Өмүр, өлүмдөн эч убакта коркпойт. Ал чындыкка моюн сунат.


* * *

Элсиз ээн жымжырт жаткан жерге ар бир түндө айдын чыкканы чоң кубаныч, айдын шооласынан төгүлгөн нур чоң майрам.


* * *

Ар кандай адамдын тынчын алган кыйкырык үндөр

айлананын жымжырттыгын жутат.


* * *

Тереңди-терең, жапызды-жапыз, бийикти-бийик дейбиз. Ошол сапатынан алар бири-биринен толук айырмаланат.


* * *

Талант адамды издебейт. Адам талантты издеш үчүн жаралган.


* * *

Ийгиликке жеткен адам жеңилденет, ашуу ашып түшкөн адам жеңилденет. Ооруп айыккан пенде жеңилденет.


* * *

Асманды сызып бараткан күн өз жолу менен күндү карап жол бараткан жүргүнчү өз жолу менен кыскасы, баары өз жолу менен.


* * *

Сүйлөөчү сөз болот, сүйлөбөй турган сөз болот. Сүйлөбөй турган сөздү сүйлөп ийген адам уят болот.


* * *

Жашоо чындыгы, турмуш чындыгына жол ачат.


* * *

Өлбөс поэзияны өлбөс улуу акындар жаратыш керек болгон. Ал үчүн чексиз өлбөс эмгек, сүйүү керек болгон.


* * *

Кереги жок буюмдан керектүү буюмдар жаралат.