Ырыс ошол кечте аяшы машинеси менен бирөөнү сүзүп алып, из жашырып Ырыстын үйүнө жаңы эле качып келип отурганын билди. Үйдүн ичи жагымсыз бир энергияга толгондой. Дубалдары саргарып, шыбы жапыз бөлмөнүн көрүнүшү ого бетер маанайды чөгөргөнсүйт. Аяшынын сунушу менен Нурик экөө кырсык болгон жерге кайра барып сыртынан байкап келмекке жөнөштү. Кетип баратып Нурик Ырыска– «Эй!..эч кимге айтпа! ..эй..!»-деп кетти…
***
Эркектерди сыртка узатып коюп, Ырыс үй тирлигин ирээтке келтирип тамак жасоого киришти. Бут чечмесин кошкондо үч бөлмөлүү болуп эсептелген бул ижара үйдө көп жылдардан бери жашайт. Иштейин десе үйү каралбай, иштебей коейун десе жашоо токтоп калган бул заманда аялдарга эле кыйын болгону чындык. Күйөөсүчү…күйөөсү…үстүндөгү жумушчу кир кийимин чечпей отурган жеринде кийими менен оонап, бутун чечпей төргө чейин тебелеп кире берип, бул үйдө бир таза килем-килче калбагандай. Бала чагынан кийимин өйдө коюп, этияттап кийүүгө үйрөнбөгөн бул эркекке миң жолу какшап айтса деле кулагына кирээр түрү жок. Баш кошкондоруна аз убакыт болсо да, «Муну сыйга киет экемин, таза киейинчи» деген бир оюу жок күйөөсүнүн аркасынан жыйнап, тазалап жүрүп Ырыс эбак эле чарчап бүткөн. Ана..тигине..баш кийими тиги бурчта будаланып жатат. Баятан бери баш кийимдин үстүнө жатып алып бироо оонаганбы, айтор баш кийим эмес эле батек болуп калгандай. Ал эми бут кийим өзүнчө бир маселе. Жанагы сыртта баткак болуп жаткан бут кийимин тазалап кийгендин ордуна, «сый конокко кийесин» деп Ырыс тазалап, жылтырак баштыка салып ары коюп койгон жаңы бут кийимин кийип кетиптир. Ырыс оор үшкүрүп алды.
Караңгылык эчак эле коюуланып, эл жатаар маал болду. Аяшы менен күйөөсүнөн дайын жок. Нурик менен Канат таң атканча үйгө келбесин Ырыс билген жок. Аңгыча оозгу бөлмөнүн терезеси акырын тыкылдады. Ырыс 3 жолу ыргак менен тыкылдаган дабыштан улам ким экенин сезип, ичтейи түйүлүп, жүрөгү ысып кетти. Эшикти ачып жиберди да маңдайында турган келишимдүү жигитке каргылданган үн менен «Эмне болду? Эмне келдиң?!»-деп жиберди.
***
Канат менен Нурик кырсык болгон жерге жете келишти. Жабыркаган адамды тез жардам алып кетиптир. Топтолгон эл тарап, 3-4 киши гана четте турган экен. Канат даап бара албай имерчиктей түштү. Бүткүл бойун майда калтырак басып, чыйрыгып чыкты. Бир орунга туралбай тыбырап чуркап кеткиси келет. Жүрөгүнүн соккону өзүнө угулуп, башы кеңгирейт. «шырп» эткен дабыш болсо эле мына азыр Канатты милиция кармап кетчүдөй болот. «Сен барып келсең тээтиги кишилерге»-деди Канат. Нурик «Барып эмне деп айтам?»-деди. «Тамеки сура, эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканына кулак сал»-деди Канат чыйрыккан үнү менен. Нурик кобурашып турган адамдардын жанына жай басып барды. Алар башка эле бир темада орус тилинде сүйлөшүп жатышыптыр. Нурик бир даана тамеки сурап алды, адамдардын бири өз күйгүзгүчүн жандырып Нурикке сунду. Нурик ыраазычылык билдирип адамдардан алыстап, обочодо турган дукөнчөгө «чылым күйгүзгүч алып алайынчы» деп ойлоп баш бакты. Көз айнегин мурдуна илип алып, калың дептерди оодарып, бирдемелерди жазып жаткан сулууча эже башын көтөрүп «Эмне аласыңар?»-деди. Нурик кырсык тууралуу сурап көрбөйүнбү деп ойлой калып «Эже, жана ушул жерлерден бирөөнү машине коюп кетти дейби?». Дүкөнчү эже: «ооба, ылдыйда жашаган орус чал бар эле. Ошол чалды сүзүп бир машине качып кетиптир»-деди. «А эмне болду. Сен ал кишини тааныйсыңбы?»-деп удаа эле суроо узатты дүкөнчү. Оозунда даяр жообу жок Нурик эмне дээрин билбей «А, жөн эле эшикте сүйлөшүп жатышат го, ошону эле сурадым.»-дей салды да «Эже, кандай машина экен»-деп сурап жиберди. Дүкөнчү-«Билбейт экемин анысын»-деди жактырбагандай…Чынында, дүкөнчү эже уулу кырсыкка күбө болуп, машиненин түсүн да номурун да жаттап калганын эч кимге билдиргиси келбеди…