***
«Эмне күткөн эмес белең?»-деп ыржая, жигит Ырысты жөөлөй үйгө кирүүгө умтулду. Бул жигиттин аты Руслан. Бойдок. Жашы Ырыстан 5-6 жашка кичүү. Ырыстын атуулдук никеде жашап көргөн үчүнчү күйөөсү. «Акча керек болуп атат. Акча бересиңби?»-деди Руслан Ырыска. Ырыс итатайы тутула түштү да, «Кайдагы акча?. Менде жок, болду». «Келбе экинчи,мен турмушка чыккам»-деп келин үнүн бек-бек чыгарды. «Мейли, өткөндө өзүң телефон чалып «акыл эсинен айныгандар баруучу ооруканага алып бар» деп ыйлап атпадың беле? Пивого тоюп алгансың го ээ ошондо. Догдурга барбай калдыңбы?»-деп каткырып жиберди жигит.
Ырыс ошол күндөгү окуяны эстеп кетип уяла түштү да «Тур, бар, кетчи!» деп жиберди. Руслан ылжыңдап «Бул «аэродром» да бошобой калган турбайбы» деп эки колун джинсы шымынын чөнтөгүно шыкай салып, ийиндерин куушура үңкүйө басып сыртка чыгып кетти.
Руслан иштесе ишке, аш десе ашка тойбой турган жигиттик доорунда, үй бүлөдөн же иштеген иштен жок колоктоп басып жүрүп, жашы отуздан ашыптыр. Ата-энеси кулагынын кужурун койбой сырттан окуу бөлүмүно тапшыртып акча-тыйын берип, эптеп экономист кесибинин дипломун алып беришкен. Бирок Руслан ал кесипте бир күн да иштеп көргөн жок. Руслан өзү техникага абдан кызыгаар эле. Өспүрүм кезинде машина куруу боюнча теле-берүү болобу, же журналдардан болобу, айтор машинага байланыштуу материал көрүп калса эле жантыгынан жата калчу. Бирок, ата-эне баласы үчүн чечим чыгарышкан. «Койчу кайдагыны айтпай, бизде машине чыгарган завод жок болсо, каяка барып иштемек элең?!» деген ата-эненин чолок акылы баланын кызыгуусун биротоло өчүрүп, бала умтулган таттуу кыялы жок жүрүп бой тартып, мына минтип тамаша-чынын аралаштырып сүйлөгөн ажыкыз жигитке айланган. Аттиң десең, ар бир үй бүлөдө ар бир баласынын кызыгуусун байкап, бала өзү тандаган багытына макул болуп, аз да болсо шыктандырган ата-энелер көп болсо кана. Жок, тескеричинче, баары эле балам кара папке көтөрүп, ак көйнөк кийип тез эле жетекчи боло калат деп кыялданышат окшойт.
Руслан Ырыстын үйүнөн чыкты да эч ойлонбостон эле Тулиева көчөсүндөгү эркектер үчүн өзүнөн өзү пайда болуп, уюшуп калган «эс алуу аймагын» көздөй жөнөдү. Аты менен даңкы чыккан бул көчөдө «түнкү көпөлөктөр» кызмат көрсөтүшөт. Ал жерде дээрлик ар бир экинчи үйдүн дарбазасында «Мончо, Кыз жок» деп жазып коюшкан. Руслан бул жердин кардары. Кайсы мончодо кандай кызматтар бар экенин беш колундай билет. Совет мезгилинде кымбат бир импорттук товарга эл кезек күткөндөй, бул жерде Руслан да өз кезегин күтүп, чала-була жуунуп, жыланач шыйрактарын көрсөтүп оронуп алып, кезектеги кардарды кабыл алмакка жүгүргөн кыздарды шыкаалап далай ирээт туруп калган күндөр болгон. Русландын бул балиттик менен ыймансыздык уялаган жерге болгон ушул жолку сапары тагдырында чоң бурулуш жасаарын сезбей «чыйт» түкүрүп кете берди…