Ошолордун бири – өз тиричилиги менен алек болуп, күнүн өткөрүп аткан Ташы да эле. Анын атасы тээ Кокон хандыгынын тушунда ордого сарбаздыкка алынып, ички-тышкы душмандарга каршы айгышкан салгылаштарга катышып жүргөн болот. Ошондой каардуу кармаштардын биринде анын каршылашы башын кылыч менен жара чабат. Жаны көзүнө көрүнүп, өлөрүн гана санап калган сарбаз кайып – каскагынан элге таанылган дарыгер-табыптын колуна түшүп калат. Ал жарылган баштын төрт жеринен алтындан кадоо салып, анан терини жамайт. Арийне, мындай операциялар азыркы медицинада гана жасалышы мүмкүн. Ал эми 19- кылымда эле чыккан менен сынганды ордуна келтирүүнү мындай кой-ушундай укмуш операцияны жасоого жетишкен элдик медицинага там бербей, таң калбай коюга мүмкүнбү? Өкүнүчтүүсү – кыл тамырчылык, дарыгерлик, шыпагерлик, кыргыздын зергерлик, мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрлөрү тоталитардык системанын учурунда феодализмдин калдыктары сыңары жерилип калгандыгы.
Ток этер жери, ошол жарадар кадимкидей катарга кошулуп, адам болуп кетет. Арийне, кадоо үчүн алтын кеткендигин баягы табып- дарыгерден башка жан билбесе да алпооздор ар кандай ушак-аңыздарды таркатпай коюшпаган го кыязы. Мунун бир жоромолунда алтын жарадардын корунан зарпталгандай күпүр сөздүн да таралып кетиши акыры уулу Ташынын убалына кала жаздаган. Анткени, атадан калган алтынды ал катып жүргөндөй шек саналып, жанагы жалаңтөш жасоолдор ошону ортого алуу максатында абакка олтургузушат. Бул гана эмес, ага ак жеринен башка да айыптар коюлган болушу ыктымал. Тергөөчүлөр ур-токмокко алып, зордук-зомбулук жасоо менен жазалоонун ырайымсыз ыкмаларын колдонушканына эки кабыргасы сынып, колунун чыгып кетиши күбө болот.
Ошондо абак ордуна пайдаланылган жер төлөдө төрт адам араң батып олтурган экен. Алардын бири табыпчылык өнөрү бар жаран болсо керек – чыккан колду ордуна салып, калай чайнекке толтура суу куюп, үйлөтө берет. Өпкөнүн тебүүсү менен кабыргалар да жайына келет. Ошол азап-тозоктон 11 айдан соң арылып, аргасыздан Ташы үйүнүн жүзүн, бала-бакырасын көрөт. Дегинкиси, ал киши да жаңыга жан тарткан, жакшылыктан үмүт кылган эстүү-баштуу инсандардан болгон. Ушундан улам перзенттеринин кат таанып, билим алышын аябай эңсеген.
Согуштан кийиңки жылдар. Ортодо Ташиевдин апасы.
Бирок, ал кезде жергебиздин бардык булуң-бурчундагыдай эле Куршаб чөлкөмүн да караңгылыктын касабасы каптап, мектеп дегенден элдин кабары жок эле. Бар болгону байыркы мунарасы, эл азан-казан түшкөн базары менен баки-жокко дайын Өзгөндө гана бирин-экин медиреселерде бай балдары арапча арип таанышчу. Андыктан атанын арзуусу ишке ашпас куру кыялдай ич ачыштырчу. Анткен менен жаңынын саамалыктары айыл турмушуна желаргыдай үлп эте сүңгүп, үмүт отун тутанта берген.