Баса, баяныбыздын башталышында эскергендей Кулназарга коюлган айыптардын бири – молдонун кызына үйлөнгөндүгү болгон экен. Ошо ыйман-ынсаптуу үй-бүлөдөн тарбиялангандыктан ашкере мээрбан, адеп-ахлакты бийик сактаган, жан дүйнөсү бай аялзаты болгон. Ошо тагиндеги асылзадалык көрөңгөнү перзенттеринин дилине чып-чыргасын коротпой сиңирүүгө дилгирленген. Анын бул асыл аракети текке кетпегендигин жана акыры акыбети кайтып, убайын көргөндүгүн уулу Кулназардын парасаттуу, сыймыктуу жолу айгинелейби!
Окусак дегенде ак эткенден, так эткен эненин үч перзенти кузгун заардан туруп, жылытмадан шам-шум этишет да бокчолорун көтөргөн бойдон мектебине жөнөшөт. Анда ошо кездин Дүйшөндөрү өздөрүндө жетишерлик билим, же тажрыйба жоктугуна карабай жаш муундардын сабатын ачууга жан-дили менен аракет жасашкан. Андай жаңы замандын жарчыларын – «жылаңач баатырларды» кой терисин жамынган тап душмандары жининдей көрүшө турган. Алардын канчасы советтик түзүлүштүн активисттери менен кошо басмачылардын колунан жазаланбады, жайрабады?! Ошого карабай Октябрдин жарыгы өлкөнүн бүт булуң-бурчуна алоо чачып, лениндик идеялар салтанат куруп жатты. Бир кезде басмачы бандаларынын чордону болгон Өзгөн өрөөнү да ал жексурлардан арылып, бейпилчилик орной баштады…
Анда элдин карды тоюнуп, үстү бүтөлө элек кез. Эски-ускудан жамап-күрмөп тигилген бешмантын, чылгый чокоюн бутуна илген, эски көрпө тебетейин баса кийген Кулназар да агаларына эрмешип, мектепке кетет. Азыркыдай парта, доска, класс деген кайда. Бул түндүк уюлдай суук бөлмөдө окуучулар тоңуп калбасын деп улам мешке саман, гозопаядан жагып, жылытмыш болушат. Анан нөөмөттөшүп, шөлбүрөп суу болгон чокойлорун, чулгоолорунда кургатып алышат балдар. Ошондой бир учурда мектепти көргөнү республикалык деңгелдеги чоң жетекчи кайып-каскагынан келип калат. Ал «класска» кирсе, мештин түбүндө чулгоо, чокоюн отко кактап бир балакай олтурат.
Башкалары бараандуурак көрүнүп, мунусунун жашы жетелектей сезилсе керек, ал киши аягандай: – Кыштын кыран чилдесинде кыйноо тарттырбай балакайды кийинки жылы эле окууга тартпайсыңарбы? – деп калат. Анда мугалим: – Жок, андай эмес, окуучуларыбыздын кенжеси болгону менен отличнигибиз ушул. Башкаларга бардык жагынан үлгү! – дейт. Тигил жетекчи ыраазы боло Кулназардын далысынан таптап – Азаматсың, уулум! Өлкө ишине жараган, эл ишенчин актаган чыныгы уул бол. Сенден Родина көптү күтөт! – дейт да чөнтөгүнөн пул алып чыгып, бут кийим сатып бергиле деп директорго тапшырат. Муну уккандар сага Кызыр жолукту деп да жоруп жүрүштү.