Бирок бул чындык эле. Аны далилдеген мындай бир факты бар. Ал «Кыргызстан пионери» газетасынын 1934-жылы чыккан сандарынын бирине жарыяланган «Эпкинүү пионер» аталыштагы кабар. Аны толук бойдон келтирели:
«Биздин толук эмес орто мектептин 7-классынын окуучусу Ташиев Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат. Коммунисттик тарбияны өздөштүрүп, сезимдүү тартипти чыңайт. Өзү эпкиндүү деп саналуу менен бирге сабактан «начар» деп баа алган жолдошу Коля Пономаревту сүрөөгө алып, сабактарынан «жакшы» деген баа алууга жетиштирди.
«Көпчүлүк коомдун мүлкүн жолдош Кулназар өз мүлкүндөй сактайт. Көпчүлүк жумуштарына ар дайым активтүү катышат.
Кочкор-Ата сельсоветиндеги толук эмес орто мектеп».
Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат.
Элде: «Болор бала богунан» деп айтылат. Мен бул кабарды Кулназар аганын келечекке сунган визиткасы катары карадым. Көрсө, ошол 30-жылдардын башталышында эле Кыргызстанга кызматы сиңчү кандай кадр дайардалып жаткандыгы жөнүндө коңгуроо кагылган турбайбы. Бирок, али алдыда ал жиреп өтчү турмуштун тунарыктаган айдыңы, чер-токойлуу чытырманы, куш канатын талдырчуу какшаалы жаткан эле да… Ошол дилинде зарде, дымагы арашандай оргуштап турган улан окууда гана эмес, жүрүм-туруму, коомдук иштерге күжүрмөндүү катышуусу менен курбу-курдаштарынын урматтоосуна татып, аларды баштаган эркечке айланган. Анын мектепти аяктары менен ЛКЖСтын Куршап райондук комитетинин пионерлер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалышы да кокусунан эмес.
Анткени өзү жаңы эле ошол чөйрөдөн өсүп чыгып, жаш муундардын жан-дүйнөсүн, алардын кандай ой-максаттар, мүдөлөр менен жашап жаткандыгын эң жакшы билген. Баса, кезегинде мектептеги, пионер уюмундагы окуу-тарбия иштери, анда орун алган абал тууралуу Кулназар өзү да пионер газетасына кат-кабарларды жөнөтүп турган. Айрым терс көрүнүштөрдү ашкерелеген сын кабарларын ал «Тапанча», «Чүкөдөй» деген жашыруун аттар менен жазган. Албетте, автордун ким экендигин классташтары, атүгүл айылдаштарынын көбү эле билишкен. Бирок, сындын адилеттеги бирөөлөрдү териктиргени менен абалды оңдоону көздөгөндүгү менен баалу болгон.
Дегинкиси, Кулназар ага табигатынан чукугандай сөз тапкан, азил-тамашаны арашандаткан, кыргыздын элдик бай мурастарына каныккан инсан болгон. Кээде түз айтпай каймана маанисинде кыйыткан сөздөрүнүн маанисин аңкоолор түшүнө бербей өздөрү уятка калган учурлары боло турган. Буга бир эле мисалды келтире кетели: ал партиянын Ленин райкомунун биринчи катчысы болуп турган кезде кайсы бир жылы өтө кургакчылык болуп, чөп деген тимеле көздөн учуп калат. Анын бир талын да калтырбай тоют даярдоо керек эле. Мына ушунун баарын түшүндүрүп, ал чарба жетекчилеринин алдына олуттуу милдеттерди коет. Сөзүнүн акырында: – Жолдоштор, тоюттун корун коомдук малга жетиштүү камдап албай эртең… Үч-Коргондон издеп калып жүрбөйлү, – деп эскертет./ Арийне, бул жерде кайсы сөз түшүп калгандыгын жана бул лакап кайсыл окуядан улам чыккандыгын кеп баркын билген, куйма кулак азаматтар бат баамдамак/. Бирок, баягы чарба башчыларынын ичинде алаңгазар, анды-дөндү элес албаган аңкүдүктөр да бар окшойбу. Алардын бири эртеси таңазандан райкомдун имаратына жетип келип, биринчи катчыга атып кирет да: – Аксакал, алты машина даярдап койдум, Үч-Коргондун кайсы чарбасына барайын, – дейт.