Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек - страница 8

Шрифт
Интервал



В. Лениндин түздөн көрсөтмөсү, ВЦИКтин чечими менен 1919-жылы 8-октябрда совет бийлигинин улуттук саясатын жүргүзүү жана федералдык байланышты камсыз кылуу, аймактагы чарбалык иштерди жөнгө салуу үчүн Түркстан иштери боюнча өзгөчө ыйгарымдары бар убактылуу комиссия түзүлгөн (7:138—139). Курамына М. Фрунзе, В. Куйбышев, Я. Рудзутак, Ф. Голощекин, Г. И. Бокия кирген ал комиссияны В. И. Ленин менен И. Сталиндин жакын шакирттеринин бири, грузин Шалва Элиава жетектеген. Түркстан аймагынан бир да адам анын курамына кирген эмес. Буга ал убакта Орто Азияда толук саясый анархия өкүм сүрүп турганы себеп болгонбу же аймактан төбөсү көрүнгөн ылайыктуу саясый же мамлекеттик ишмер табылбаганбы, ал өзүнчө маселе. Биздин оюбузча, коммунисттердин формалдуулукту бекер карманышканын эске алганда, эгерде алар аз да болсо татыктуу деп эсептеген бирөө болсо, «тойдун генералындай» кылып да болсо комиссияга кошушмак.

Ошол убакта Орто Азияда 18 саясый партия иш жүргүзгөн, алар конструктивдүү идеяларды коомчулукка сунуштап, аларды аткарууга аракеттенге караганда убактыларынын көбү бири-бири менен кармашып, жаатташып тирешүүдө өткөн. Мында биз аздыр-көптүр кат-сабаты жоюлгандыгына байланыштуу саясый, башкаруу иштерине аралашкандар жөнүндө гана айтып жатабыз. Элдин басымдуу көпчүлүгүнүн саясый партиялар жөнүндө түшүнүктөрү деле болгон эмес. Ошондон улам бир адамдын эки партияга катар мүчө болуп жүргөнү же бир партияга киргенине ай айлана электе андан чыгып, башка партияга өтүп кеткени адаттагы көрүнүштөрдөн болгон. Ал убактагы андай көрүнүштөрдү элдин 90 пайыздан ашыгынын сабатсыздыгы, жалаң хандыктарда букара болуп келгендердин саясатка кызыгышпагандыгы менен түшүндүрөлү дейли. Бирок, ыгы келгенде айтпаса сөздүн атасы өлөт дегендей, элибиздин 99, 9 пайызы газета, китеп окуп, ар көчөдө бирден университет болуп турганда, ошол саясий анархиялык көрүнүштөр көз карандысыздыктан кийин андан бир нече эсе чоң масштабда толугу менен кайталанбадыбы! Каттоодон өткөн саясый партиялардын саны 200дөн ашты. Элдин бир бөлүгү үчүн партияларга кирип-чыгуу кафеге барып, андан ары ажатканага кайрыла кеткендей эле иш болуп калды. Тарых үйрөтөт, сабак берет дешет, бирок тарых деле аны жетиштүү билип, өздөштүрүп үйрөнүп, аны жаңы шарттарга жараша колдонууга аракеттендерге гана сабак берет, билбегенденби же менталитетибиз ошондойбу, айтор, кыргыздарга тарыхтын сабагы деле жукпайт окшойт.