өйм ошентсе да бүт айлыбыз,
Атын айтпай «Кичине Келин» деп атаган.
Бир күнү Кичине Келин энем келип:
«– Неберем Адылым каникулдап,
Ата-эне үйүнө чөлгө кеткен,
Келгенче бир кызыӊ менин жанымда,
Түнкүсүн шерик болуп жатсын дегем.»
Кеч киргенде апам мени:
«– Чоӊ энеӊдин жанына барып жаткын эми.
Энеӊе жомок айтып, жомок угуп,
Эртеси өзү айтканда кайткын.», – деди.
Ошентип нават салган чайдан ичтик,
Алдыма салып берди төшөк, ичик.
Сары-ала таргыл мышык экөөбүз,
Тез эле таттуу уйкуга кирип кеттик.
Ойгонсом чоӊ энем намазын бүтүп,
Мештин күлүн чыгарганы жаткан экен,
Мага карап башын жаӊсап:
«– Чш-ш-ш, жата бер! Чай кайнап, үй жылысын,
Төшөгүӊдү муздатпай анан тургун.», – деди.
Чоӊ энемдин көӊүлү ооруйбу деп,
Козголбостон көзүмдү жуумп жатып калдым.
Чоӊ энем сыртка отунга чыгаары менен,
Төшөктөрдү бир заматта жыйып салдым.
Эшиктен кирип келген чоӊ энемдин,
Бырыш баскан мээр жүзү күлүп калды.
«– Экинчи Адылым, менин экинчиАдылым!»
деп жалбарган сагынычтуу үнү калды.
Айылым
Ак булуттан минип бирди,
Айылыма учкум келет.
Апамды укпай күнгөй беттен,
Байчечекей тергим келет.
Ак булуттар өзүӊ салган,
Селкинчегиӊ тепким келет.
Алма бактуу, айлуу түндүү,
Айылыма жетким келет.
Таӊкы шоокум,
Жазгы жеӊил салкын аба.
Бакта сайрайт,
Булбул, чымчык шаӊдана.
Тоо кырлары ойгонууда,
Күн нуруна чайкана.
Атам жүрөт бак аралап,
Тал-теректин, алма-өрүктүн,
Арыктарын тазалап.
Апам жүрөт сарай жакта,
Уюн саагоо
Чака кармап чайпала.
Жибин үзүп бошоп кеткен эчкидей,
Мен жүрөмүн короо ичинде секирип.
Эки өрүм чачтарым да сербеӊдеп,
Мен секирсам мени менен секирип.
Короо ичинде ары-бери термелген,
Жолборс сындуу жолборс итим көрүнбөйт.
Жүрсө керек,
Атамды жандап бакты аралап,
Кашаа түбүндөгү анча-мынча тешикти аӊдап,
Жолбун иттен же ууру түлкүдөн,
Короосун коргоонун планын камдап.
Биздин үй айылдын эӊ башында,
Эки тоо эки далысында.
Кокту бойлоп аккан суунун тамыры,
Тоонун тээ чокусунда.
Бала кезде дайыма,
Ошол тоого чыкчумун.
Кучагым жайып талаага,
Шамалын тоонун жутчумун.
Чөп орук маал.
Жайкы таӊда,
Атама учкашып баратамын,
Суктанып табигатка.
Жолборс итим жолду баштап баратат,
Кашка атыбыздын сулуулугу табигатка жарашат.
Бизди жандап сары-айгыр чымчык,
Чык- чырылдап ыр ырдайт.
Атам орот чарчабастан орогун.
Мен артынан кайрак ташып,
Анда-санда андыз жулуп коёмун.
Таш бооруна өсүп чыккан кызгалдак,
Кызыктырып жылуу сезим жаратат.