Таза ойлор Так сөздөр - страница 100

Шрифт
Интервал


“Таарынчаактык” – бул дагы өнүгүүгө түрткү берүүчү күчтөрдүн бири, эгерде изденүүгө, түшүнүүгө аракет кылсаң. Ал эми, тескери жагы болсо, адамды оорууга алып келет. Чындыгында, мен ошол өткөн кезде болуп жаткан окуяны кандайча болуп жатканын сырттан көрүп түшүп, өзүмдүн жасаган иш аракетимдин жыйынтыгы эмнеге алып келээрин алдын ала көрө алган болсом кайдан таарынмак элем. “Көрө-көрө көсөм болсун !“ – дегендей ал кезде тарынычтын нугун өзгөртүүнү билген эмесмин. Ошон үчүң, “таарынычымды” өз өлчөмүнөн көбөйтүп пайдаланып өзүмдүн жашоомо зыян келтиргендигимди кийин түшүндүм. Жана өзүмдү ар кандай кемчилигим менен ошол убакта кандай болсом ошондой ыраазы болуу менен кабыл алдым.

Мына эми, убакыт өткөндөн кийин, мен өзүмдүн эмнени “изденгендигимди” түшүнүп, эми кана “өзүмдү өзүм” бааладым, жашоодон алган тажрыйбама ыраазы болдум. Ошону менен бирге “менин таарынычым” жашоомду алдыга түртүп”жашоо эмне экендигин түшүнүүгө жардам бергендигин түшүндүм. “Өзүм менен өзүм иштөөнүн” пайдасы өтө чоң экендигине убакыт өткөн сайын ишене баштадым, аны өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен таксыктаган мени менен мамилелеш адамдар дагы көбөйө баштады.

Мен ал кезде билген көргөнүмдү ачык айта албай, “сезимимди” ички дүйнөмдө кысып, көпкө кармап, ар кандай оорунун ээси болуп, өзүмдү өзүм кыйнап жүргөндүгүмдү билдим.

Эми, “сезимиңди ичте кармап, ачык айта албагандык – ар кандай ооруунун башаты” экендиги көпчүлүккө жаңылык эмес экендиги анык.

Учурунда түшүнбөстөн, качан кана, өзүмдүн жашоомо өзүм анализ жасай баштаганда, “таарынчактык” мени алдыга түртүп, “намысым” мени “күрөшкө” үгүттөп, “жашоонун жеңил жолун издеп”, “эркиндикке чыгууга” аттанган экенмин. Бирок, “эркиндикти” башка жактан издөөнүн кажети жок экендиги дагы убакыт өткөндөн кийин мага түшүнүктүү болду. Ошондой эле ар бир менин ашыкча жасаган эмоциям өзүмө өзүм түзгөн көйгөйүм экендигин бара-бара түшүнүп жатам. Мына ушинтип, өзүм тоскон тосмолордон өзүм эрдик менен өтүп жаткандыгыма кийинчерээк күлүп жүрдүм. Убакыт өткөндөн кийин албетте. Тамаша менен эскересиң.

Таарынчактык – бул “өзүн өзү сүйбөгөндүк, өзүн өзү сыйлабагандык, баалабагандык, өзүнө өзү ишенбегендик!”– экендигин албетте, көп убакыттар өткөндөн кийин, аң сезимим менен түшүнүп кабыл алдым.

Ал эми “өзүңдү өзүң кабыл албай күрөшүү деген эмне?”– анын аягы эмне менен бүтөөрүн кийин түшүндүм. “Күрөш “ жөнүндө тема “Өзүңө өзүң жардам бер! Өзүң менен өзүң иште!” деген китебимде жазылган.