Анын ордуна : Мен аны кантип жасап жатам? Эмне үчүн таарынам? Таарынганда денемде кандай өзгөрүү болду? Мээмдин кайсыл тарабы кысылып, кыжырым тез келип кетти? Байкап көрөйүнчү? – деп байкоо жүргүзүү ден соолукка өтө пайда. Себеби, таарынычыңды токтотуу менен сен өзүңдүн ден соолугуңду сактап каласын. Өмүрүңдү узартасың. Ошону өзүңө өзүң түшүндүр.
Мисалы: Сен апаңа дайыма таарынасың. Денеңди бош карма эки колуңдун сөмөкөйү менен баш бармагын бири-бирине шакече кылып кийгиз дагы өзүңө өзүң суроо бер? Менде, апама болгон таарынычым барбы? Эми, шакекчени ажыратып тартып көр. Эгерде оңой ажырап кетсе, анда таарынычыңды сактабайсың. Эгерде таарынычың көп болсо шакекче ачылбайт, манжаларын бошотпой кармап калат. “Мен апама таарынам!”– деген программадан кантип бошонсоң болот. Тикеңден туруп же отуруп жасасаң болот. Убакыт өтүп үйрөнүп калгандан кийин, өзүңдү жаман сезбеш үчүн кайсыл жерде жасасаң да боло берет. Мындай программалар өтө көп– жолдошуңа, кызыңа, уулуңа, келиниңе, кайын журтуңа, коллективиңе, жигитиңе, сүйгөн кызыңа ж.б.у.с таарынасың Негизгиси, жанды кыйнаган программалардан арылуу. Денеңди бош карма. Көзүңдү жуумп алсаң сезгенге жакшы болот. “Мен апама таарынам!”– деген программа мээмдин кайсыл бөлүгүндө жайгашкан? Мага белги бер?– деп сурасаң эле баштын ичинде кыймыл башталат. Тартышат, сайгылашат, кычышат,мээнин ичинде кысылуу же ооруу болушу да күтүлөт. Бул убактылуу сезим андан коркуштун кереги жок. Корккондун ордуна денеңе ыраазы бол. Ал сени угуп сага жардам берип жатат. Жараткан Алла талаам өзүң жардам бер! Менин мээмдин ичиндеги “Мен апама таарынам!” – деген программаны өчүр! Өзгөрүү баардык тармакта тең жүргүзүлсүн! Ал программанын ордуна:”Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис! Мен жараткандын жетилген сүйүктүү адамымын! Мен сүйүүнүн толкунундамын!Мен апамды сүйөмүн!Мен ата-энемдин бактылуу баласымын! Мен эң сонун жашоого татыктуумун! Менин дүйнөмө менин уруксаатымсыз эч кимдин кирүүгө акысы жок!” – деген программаны киргиз. Өзгөрүү кантип жүрүп жатканын мага көрсөт – деп кана көзүңдү ачпастан өзгөрүү бүткөнгө чейин туруп тур. Бүткөндө көзүң өзү ачылып кетет. Мына ошондон кийин төмөндөгү сөздөрдү пайдалансаң таасирдүү болот. Эгерде жасай албаган болсоң анда тынчсыздануунун кажети жок. Телефонго жазып алып угуп жасасаң да болот. Мындай көнүгүүлөр ар түрдүү тартипте китепте кездеше берет. Жакканын жасай берсең болот. Баардыгы тең ден соолукка пайда берүүчү көнүгүүлөр. Аң сезимиңдеги ишенимдердин тоскоолдугунан тазалайт. Иштегенден кийин коркунучтуу түш көрсөң коркпо, ал мээдеги маалыматтын денеден чыгып кеткени деп эсептесең да болот. Денеде кээде сезилбегени менен түш аркылуу кетиши да мүмкүн. Таарынычтын себебин канчалык деңгээлде түшүнүп иштедиң аны сенин денең кана билет, ошондуктан ар кандай белгилер боло берет. Аларды сен өзүң жүрөккө өтө жакын кабыл алуу менен түзгөнсүң, эми мындан ары өзүңдү өзүң бошотуп барасың. “Өзүң менен өзүң иштөө!– ден соолукта болууга жардам берет