Таза ойлор Так сөздөр - страница 101

Шрифт
Интервал


Көрсө, мен үчүн “ашыкча күрөшүүнүн” жыйынтыгы дагы менин ден соолугумду бузган бирден бир негизги “бузуучу күч” болуп чыкты. Сырткы дүйнө менен күрөшүү “өзүм менен өзүм күрөшүү” экендигин бара-бара түшүндүм. Жашоомдо жолуккан кээ бир адамдар менин ички дүйнөмдөгү менин кыялымды чагылдырып жаткандыгын дагы убакыт өткөндөн кийин түшүнө баштадым. Ошол мезгилде ушул түшүнүгүм болгондо албетте, жашоом жеңил жана оңой болмок.

Ал кезде “мен эмнени кааларымды” азыркы убактагыдай түшүнө берген эмесмин. Каалоомду кантип “туура айтуу” керек экендиги жөнүндө үч уктасам да түшүмө кирген эмес.

Эми, мен жогоруда айтып өткөндөй, эң негизгиси адамда жашоо үчүн “кызыгуу” болуш керек. Өчүп бараткан жашоонун отун күчтөнтүп, жандандыруу ар бир адамдын өзүнөн.

Кандай ойлор, сөздөр ден соолукка пайда келтирет?


Ой, сөз ачкычы, денени активдүү иштетүүчү “код” болгон сөздөр төмөнкүлөр: – “биргемин”, “өзүмдү сүйөм жана колдойм”, “түшүнгүм келет”, “кечирдим”, “кечир”, “кабыл алдым”, “ыракмат”, “ыраазымын”, “коюп жиберем”, “мактайм “, “жашагым келет”, “алдыга”, “жыл”, “жашап жатам”, “билим”, “ болуп жатат”, “эсепте”, “кош”, “өз жайымдамын”, “тынчмын”, “бириктир”, “биз биргебиз!” деген сөздөр.

Мен, бул сөздөрдүн мааниси өтө терең түшүнүп, дененин активдүү иштешине жардам берээрине өз турмушумда пайдаланып көргөндөн кийин толук көзүм жетти. Бул сөздөр күнүмдүк жашоодо пайдаланып жүргөн эле сөздөр, бирок маанисине түшүнүп “өз ордунда пайдалануу” денеге жогорку натыйжа берет.

Көптөгөн китептерди окуп, ар кандай адамдардын кеңешин угуп төмөнкү сөздөр таасирдүү экендигин түшүнгөндөн кийин жашоомдо пайдалана баштадым.

Таза ойдун толкунундагы ойлор, ден соолукту чыңдоого жардам берет. Албетте бул сөздөрдөн пайдалануудан мурун өзүңдөгү терс мүнөзүңдү көбөйткөн программаңдан арылуу керек. Антпесең позитивдүү сөздөрдү ыр жаттагандай жаттап айтканың менен таасири чоң болбойт. Мен аны өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан билем жана көп жылдар убактымды короттум. Ошондуктан дагы сырдуу жана сыйкырдуу нерсе жөнүндө кичине түшүнүк бере кетейин.

Мисалы сен аябай таарынчааксың. Кичине бирөө сөз менен намысыңа тийип койсо болду, таарына түшөсүң. Аны кантип жасап жатканыңа көңүл бурмак түгүл түшүнгүң келбейт. Се үчүн сени таарынткан адам “күнөөлүү”. Себеби, сен бирөөнү күнөөлөгөндү аябай сонун өздөштүргөнсүң. Эми, убакыт келди. Күнөөлүү эч ким жок!