“Бул улуу эле же кичүү эле, кары– жаш экен” – дебестен өз убагында өзүңдүн пикириңди билдирип койгон көп проблемалардан алдын ала сактайт. Мээнин нервдерине күч келбей, дене өзүн жакшы сезет, кыжырдануу, тынчсыздануу, өч алуу деген сезимдер кыйнабайт.
Тамактагы буулган нерселер кетет, ангина, зоб, үн бүтүп калуудан, үндүн чыкпай калуусунан, ар кандай тиш ооруудан, астма, талма оорудан (эпилепсиядан) сактайт.Талмасы бар ата-эне өзүңөрдүн бири-бириңерге болгон мамилеңерди эстегиле, бала төрөлгөнгө чейинки убактан баштап бүгүнкү күнгө чейинки бири-бириңерге болгон мамилеңерди анализдегиле.Күнөөлүүнү издеп урушуунун ордуна , аны кантип жасабай коюну ойлонсоңор.
Эми, тамак бууп, жан кыйнаган сезимди кантип кетирсе болот? Ал үчүн төмөнкү көнүгүүнү жасап көр, пайдасы тиет.
Кыялыңда денеге толуп калган кир, капкара ойлорду, сезимдерди, өтө чоң кубаттагы “нурду” элестетип же «лазер нуру» менен күйгүзүп жибер да ордуна таза жарык нурду элестет. Бул элестетүү менен болот. Күндү нурун элестетсең жакшы, себеби, күн нуру кандай экенини билесиң.
Эмнеге таза, жарык нурду элестетебиз? Жарыктык– бул жашоо, жылуулук. Эми, организмдеги толуп турган мусорлор сыртка чыгып орду бош калды. Эгерде, ал боштукту таза, жаңы, нур менен толтурбасак анда кайра эле кир, кара ойлор, кара нурлар толуп калышы күтүлөт. Ошондуктан, “ боштукту” дайыма өзүң каалаган жакшы сезимдер менен “сүйүү, кубануу, бакыттын жарык, таза нурлары” менен толтуруу керек. Күндүн нурун элестетүү көкүрөктү жумшартат.
Аны кантип жасаса болот? Ал деген нерсе сени сүйүнткөн, кубанткан ойлорду ойлоо. Бир эле убакта элестетүү менен жаңы жашоонун образын кошо түзөсүңөр же өзүңдү өзүң ден соолугу чың акыбалда элестетип, сезесиң. Ал сезим менен өзгөрөт. Өзүңдү жакшы сезгениң, окуянын өзгөргөнү ошол.
Мына эми, көз алдыңа жарык нур пайда болду. Бул кыял менен сезилет же көздү жуумп көрсө болот. Ар кандай “радуга” сыяктуу же ак, күлгүн, жашыл, сары ар кимге ар кандай түстөр көрүнүшү мүмкүн башкача айтканда ар ким ар кандай акыбалда элестетет же көрөт.
Кээ бири ачык көрсө, кээ бири кыялы менен эле басып баратып деле иштеп кете берсе болот. Себеби, ал образдардын дүйнөсү. Негизгиси, сенин сезимиң. Сезимиң оңолсо, окуя өзгөрөт, ден соолук жакшыра баштайт. Ар кандай шартта көңүлүңдү сени кубандыра турган нерсеге бурганды адатка айлант.