Таза ойлор Так сөздөр - страница 76

Шрифт
Интервал


Ар кандай физикалык көнүгүүлөр денени, булчуңдарды чыңдайт. Кан айлануу тездейт. Мээнин иштешине, неврдерге таза кан жеткирилет. Омуртка активдешитирлет. Ошентип жолдо жүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлөт, ал эми дене болсо жаңы энергия менен камсыз болот, машинага бензин куюп же кээ бир тетиктерин майлаган сыяктуу өзүңдү дагы заряддайсың.

Ал эми отуруп тура албаган оор салмактагы адамдар, отурган жеринде жасасаң да болот, бирок ары-бери баскан пайдалуу.

Негизгиси – кыймыл. Бир жолу отуруп турсаң, эртеси эки жолу, анын эртеси үч жолу отуруп туруунун өзү эле өмүрдү узартаарына шек жок. Ордуңдан туруп жасоо болсо, албетте бир канча чоң эффект берет. Отуруп баскандан, туруп баскан болжогон жерине тез жетет эмесби. Басканда жамбаштагы нервдердин кан айлануусу өз нугуна түшө баштайт. Жай баскандан тез басуу эффективдүү, себеби кан айлануу тездейт .

Мына ушундай жол менен ар бир адам өзүнүн терс ою менен иштесе болот. Басып баратып өзүн өзү мактап:

Мен өзүмдү баардык кемчиликтерим менен кабыл алдым, себеби ал менин турмуштан алган тажрыйбам!

Мен күчтүмүн! Мен өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алдым! Өзүмдү өзүм сүйөм жана колдойм! Мен ден соолуктамын! Каалаган нерсемди оңой эле кантип жасоону билемин! Мен ар дайым ийгиликтин толкунундамын! Мен баймын! Мен кантип акчаны көбөйтүүнүн жолдорун жакшы билемин! Мага акчалар ар кандай жолдор менен тез– тез келип мага пайдалуу кызмат кылат! – деген ойлорду үн чыгарып айтсаң дагы пайдасы чоң.

Себеби, басып баратканда ойлогон ойлор тез аткарылат, ошон үчүн жаман ойлорду ойлогондон сак бол! Физикалык денеде, сырткы дүйнөдө “аң сезим” иштейт, ал эми “ички, жан дүйнөдө”болсо өзүбүз түшүнбөгөн, башкара албаган, билбеген”жогорку аң сезим ”Дух– Рух” иштейт. Мына ошол аң сезимге жан дүйнө тең салмактуулукта болуусу үчүн, ойлордун тазалануусу зарыл.

Эми, төмөнкү суроолорду ар ким өзүңө берип көр.

Менин ойлорум менен айлана чөйрөдөгүлөрдүн, мен түшүнбөгөн, өзгөчө байланышы барбы?

Эгерде байланышы болсо анын жаратылышы кандай?

Мен ал ойлорду өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн пайдалансам болобу?

Мага пайдалуу жагы барбы?

Бул деген нерсе өзүбүздүн оюбуз менен иштеп, ден соолугубузду оңдоп, жашообузду жакшыртууга жардам берет, дүйнөгө болгон көз карашты жакшы жагына бурат.

Жогорудагы көнүгүүлөр өтө эффективдүү метод. Бул методду адатка айлантуу үчүн практика керек. Ал эми практика эч канча убакытты албайт. Күнүгө бир аз келген оюңа көңүл бөлүп жасоо, ден соолукка чоң таасир берет. Кайсыл жерде болбосун иштесең болот.