Таза ойлор Так сөздөр - страница 75

Шрифт
Интервал


Жумуш ордунда отурган адам бир аз көзүн жуумп дем алып, дем чыгаруу жолу менен жумуштагы кыжаалатчылыкты, нервдердин кысылуусун, стрессти, ар кандай талашып тартышууларды оюнан чыгарып таштаса болот. Бул нерсе ойдун агымын токтотуп, денени нурлар менен жууп тазалайт. Бир эле убакта көздү 2-3 минута жуумп отуруу менен көздү эс алдырып алса да болот.

Мындай нерсеге өтө берилип кечке отуруп жасоонун кереги жок. Жашоону азыр жашаш керек. Ал деген нерсе ар бир көз ирмемди кубанып, болгон нерсеге ыраазы болуп жашоону үйрөнүү. Эгерде күнүгө бош болгон убакта 15-20 минут убактыңды бөлсөң “тазалануу” тезирээк жүрөт.

Күнүгө турмуштан алган терс эмоцияңды, күнүгө тазалап, жууп таштоо ден соолуктун чың болушуна эң сонун шарт түзөт. Себеби, бир күндүк адамдар менен болгон мамиле дененге ар кандай кир, жагымсыз энергияларды киригизиши мүмкүн. Эгерде арызданып жашаган адамдардын катмарында болсоң. Ошон үчүн ар бир адамдын өз алдынча жеке мейкиндиги, бөлмөсү, жатканасы болушу зарыл. Албетте жаткан бөлмөдө эч кандай үн угулбаганы жакшы, телевизор, холодильник, телефондун, ар кандай дүкүлдөгөн музыканын үнү угулбаса дене жакшы эс алып, мээ өз функциясын так аткарышына шарт түзүлөт.

Жатаар алдында, кыял менен шаркыратманын түбүндө туруу же сыя көк түстү элестетип денени бүт каптап жууп кетти деп ойлоо дагы жакшы жардам берип, тынч уктоого болот. Дененин “энергетикалык катмары” дагы кийим кирдегендей тез – тез кирдеп турат.

Бул метод жашоонун баардык тармагында иштөөчү эң сонун жана жөнөкөй жол.

Шофер болсоң, чарчаганда машинеңди бир аз токтотуп отурган жериңде, же жерге түшүп ыңгайлуу дем алып, дем чыгар. 5-7– жолу. Эффективдүүсү, ордунан туруп жасоо, себеби, уюган булчуңдар жазылып, кан айлануу менен нур айлануу калыптанат, дененин энергия жетпей жаткан жерлерине, суу ичкендей тарап, дене эс ала түшөт, ныксыроо, уйкусроо тарткайт.

Колду кайчылаштырып, кулактын ылдыйкы учун, (кыздар сөйкө салган жер) бир аз катуурак кармап туруп бир канча жолу отуруп, турсаң кан айлануу активдештирилип, чарчооң тез эле басылат.

Даарат алып, намаз окуу дагы, ошондой эле милдетти аткарат. Намазда отуруп, туруп, сүрүлүп жыгылганда омуртка чоюлуп, дене активдештирилет. Суу денени тазалайт, сергитет. Ошон үчүн, намаз окугандан кийин дене чыйралат. Ошондой эле жаш бала кантип уйкудан турганда чоюлуп керилет? Мышыктын ордунан турганда кантип чоюлганын көрүп, омуртка кантип чоюлаарын түшүнсөңөр да болот. Таасири бирдей. Уйкудан тургандан кийин чоюлуп керилүү денени жазат.